Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:26
Алмазбек Атамбаев. 3-июль, 2019
Алмазбек Атамбаев. 3-июль, 2019

Бийликке каршы митингдин алты талабы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлеринин бийликке каршы митинги аяктады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине каршы митинг өткөрүштү.

«Соке болбой калды» аттуу акцияда «Эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!» деген чакырык ташталып, бийликке талапты аткарууга эки айлык мөөнөт берилди.

17:09 3.7.2019

Митингде "Сооронбай Жээнбеков бийликтен кетсин" деген талаптар айтыла баштады.

16:56 3.7.2019

Ирина Карамушкина: Биз бул бийликти жайына койбойбуз. Мыйзамдын иштешин талап кылабыз.

16:44 3.7.2019

Жыйында сүйлөгөн Фархат Бабиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алган парламенттин чечимине нааразы экенин билдирди. "Депутаттар элдин кулу болушу керек, тескерисинче биз аларга кул болуп калдык" деди.

16:31 3.7.2019

Митингге мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да келди. Тарапташтары аны кол чабуу, кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG