Итагар айылындагы мазарда болгон чыр-чатак боюнча ишти Аксы райондук соту карады. Сот алты адамга Кылмыш-жаза кодексинин 364-беренесинин 1-бөлүмүнө (майда бейбаштык) ылайык, 1,5 миң сомдон айыппул салып, 18 сааттан коомдук жумушка чегерүү чечимин чыгарды.
Чыр райондогу Авлетим айыл өкмөтүнүн Итагар айыл аймагында жайгашкан Баба-Ата мазарына каттагандар менен ага көз салган шайыктын ортосундагы пикир келишпестиктерден чыккан. Анын чоо-жайын окуяны териштирген облустук милициянын басма сөз кызматкери Самара Кыдырова минтип түшүндүрдү:
- Ушул жылдын 3-сентябрь күнү Баба-Ата мазарынын шайыгы менен жергиликтүү тургундар өз ара урушуп кетишкен. Андан соң айылдыктар молдонун үстүнөн райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылышкан. Милиция жеринде барып түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Эл менен урушкан тараптар 6-сентябрда кезигип, ынтымактуу чечүүгө аракет жасашкан. Милиция үч адамды райондук ИИБга алып келип, түшүнүк кат алган.
Нооруз элдик-салттык майрамбы же динийби?
Нооруз элдик-салттык майрамбы же динийби?
Дин чөйрөсүндө Ноорузду майрамдоо керекпи же жокпу деген суроолор кызуу талкууланып келет. "Азаттык" мына ушул маселенин тегерегинде талкуу уюштурду.
Жергиликтүүлөрдүн айткандарына караганда, айылдыктар менен Баба-Ата мазарын караган адамдын ортосунда пикир келишпестиктер башталганына бир топ убакыт болгон. Биринчи кезекте жергиликтүүлөр шайык Батырбек Аликеев мазардын айлана-тегерегин кароосуз таштаганына нааразы болуп келишкен. Кийинчерээк ал ишинен кетип, өз ордуна башка айылдан молдо Доутбек Мырзамамытовду убактылуу мазар шайыгы кылып дайындап койгон. Убактылуу шайык өз кезегинде мазарга зыяратка келгендерге өзүнүн жаңы эрежелерин киргизе баштаган. Айылдыктардын нааразылыгы мына ушундан башталды дейт жергиликтүү тургундардын бири Маралбек Жоробаев:
- 70 жаштагы Доутбек деген убактылуу шайык мазарга келген аялдарды кабырга сыйынууга киргизбей жатыптыр. Андан сырткары кой союп келгендерди башы менен шыйрактарын жана ичеги-карындарын да кайнатууга чектөө киргизиптир. Бул жерге бала тилеп канча аял келет, анан ал шайыктын кылганы ошол болсо деп элде нааразычылык пайда болду. Батырбек деген шайык мазарды такыр карабай койгонунан биз чогулуп, айланасын тосуп келели деп барганбыз.
Маралбек Жоробаевдин айтымына караганда, ал жолу мазарга барган жергиликтүүлөр шайыкка элдин нааразылыктарын айтып кетишкен. Эртеси мурдагы шайык башка кишилер менен келип, чыр чыккан:
- Мурунку шайык келип, мен дайындаган адамга, бурадарыбызга акарат айтып, кеткиле депсиңер деп биз менен урушканга чейин барды. Сакалчан жана спортчу 2-3 бала менен келип, бизди басмырлап, каяша айтпайсыңар деп тилдеп сөгүп жиберди. Биз буга ызаланып алардын үстүнөн орган кызматкерине кайрылганбыз.
Мазарда шайыктык кылган Батырбек Аликеев жана анын жанындагылардын аракеттерине байланыштуу мындай чыңалуу биринчи жолу болуп жаткан жок дейт Жоробаев:
- Бул жагдай азыр эле жаралып калган жок. Мазар шайыгы былтыркы жылдары 150дөн ашык сакалчан молдолорду ошол жерге алып келип эс алдырып жатканда биз тийиштүү тараптарга айтып кууп чыкканбыз. Алар ушул мазарга молдолор ибадат кыла турган чоң мечит салабыз дейт. Айылдыктар буга каршылыгыбызды билдирип келебиз.
Матуридий ишениминин тамыры
Авлетим айыл өкмөтүнүн юристи Абдылда Карчыгаев болсо чырдын себебин бир адамдын эле туура эмес сүйлөгөн сөзүнө байланыштырды:
- Мазардын шайыгын эл шайлап дайындайт. Буга чейинки шайыкты кубалап жиберип, бир жаш адамды дайындашкан. Ал иш жасабай жатат деп нааразычылыктар ушундан улам келип чыгууда. Ал жерде эч кандай инцидент болгон эмес, элдин ортосундагы эле пикир келишпестик жаралган. Тартип бузгандарды орган кызматкерлерине өткөрүп бергенбиз. Болгону ошол, башка маселе жок. Бул жерде бир адамдын туура эмес сүйлөп коюусунан улам пикир келишпестиктер орун алган.
Жергиликтүүлөрдүн арызынын негизинде милиция бөлүмүнө чакыртылып, түшүнүк кат жазгандар менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Кармалган молдолордун биринин аты-жөнүн атагысы келбеген жубайы айылдыктар шайыкка карата туура эмес мамиле жасаган деп эсептейт:
- Шайыктын ордунда олтурган кишини айылдын аттуу-баштуу эле адамдары кууп чыгышыптыр. Менин жолдошум дагы башка адамдар аларга барып, чоң эле кишини эмне андай кыласыңар деп айтышкан. Болгону ошол эле сөз, эркектер арасында эле болгон сөз.
Кыргызстандын дин башкармалыгы Итагардагы бул окуяга муфтияттын түзүмүндөгү дин кызматкерлеринин тиешеси жок деп билдирди.
Итагар айылындагы Баба-Ата мазары 19-кылымга таандык. Ал зыярат кылуучу жер катары белгилүү.