Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Мамлекет "Ак-Кемени" колго алды


"Ак-Кеме" мейманканасы. 22-июнь, 2017-жыл
"Ак-Кеме" мейманканасы. 22-июнь, 2017-жыл

Бүгүн эртең менен милиция кызматкерлери "Ак-Кеме" мейманканасын курчап, анда иштеген бардык кызматкерлерди чыгарды.

Буга өкмөттүн “Ак-Кеме” мейманканасын мамлекеттин кармагына алуу боюнча буйругу негиз болуп, Мүлк фонду мындан ары мейманканага ээлик кыларын жарыялады.

Өз кезегинде мейманкананын жетекчилиги мамлекеттин кадамын басып алуучулук катары баалап, эл аралык сотко кайрыларын билдиришти.

Мейманкана кызматкерлери сыртта калды

“Ак-Кеме” мейманканасына өкмөт күч кызматкерлеринин коштоосунда кирип келээри күтүлгөн иш болуп, убактысы гана белгисиз эле. Натыйжада 22-июндун таңында мейманкана жетекчилиги, кызматкерлери, атүгүгүл коноктору менен бирге сыртка чыгарылып, мамлекет толугу менен имаратка ээлик кылганын жарыялады.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков “Азаттыкка” билдиргендей, учурда имараттын мүлктөрүн саноо иштери башталып, “Ак-Кеменин” мындан аркы иштөө планы талкууланмакчы. Ал бул процесс мейманкананын күнүмдүк ишине терс таасирин тийгизбейт деп убада берди:

Болсунбек Казаков
Болсунбек Казаков

- Мейманкана мамлекеттик ишкана катары өз ишмердүүлүгүн улантат. Кандай иштеп келсе, ошол бойдон жумуш токтобойт. Буга чейин макулдашып, белгиленген жыйын, пресс-конференциялар тоскоолдуксуз өтөт. Чындыгын айтыш керек мейманкана дээрлик иштебей калган. Муну эми жакшы иштетүүгө биз аракет жасайбыз.

“Ак-Кеме” мейманканасынын жетекчилиги өкмөттүн кадамын рейдерлик басып алуучулук деп сыпаттап, мыйзамдар одоно тебеленгенин айтат. Мейманкананын аткаруучу директору Белек Сарымсаков, акционерлер мейманкананын курулушуна жана өнүгүшүнө 405 млн сом салым кошконун айтып, эми бул акчаны ким кайтарып берет деген суроо салат. Натыйжада акционерлер өз укугун коргоо үчүн эл аралык сотко чейин кайрыла турганын билдирди:

- Бул мейманкана чет өлкөдөн инвестиция тартылып келип курулган. Андыктан бул иш эми муну менен бүтүп калбастан, эл аралык сотто да каралат. Өкмөт буйрук чыгарып, мейманкананы өзүнө алып алганы мыйзамсыз экенин ишеничтүү айта алам. Андыктан Европа жана КМШ сотторуна сөзсүз түрдө кайрылабыз.

Акционерлердин акчасын ким кайтарат?

“Ак-Кеме” мейманканасынын Каржы министрлигине карызы 452 млн сомго жеткендиктен, 2012-жылы Бишкектин райондор аралык соту мейманкананы министрликке өткөрүү тууралуу чечим чыгарган.

Сот аткаруучулар мейманкананын жалпы баасы 900 млн сомго барабар деп эсептеп, аны сатыкка чыгарып, түшкөн акчанын жарымын өкмөткө, жарымын акционерлерге берүү аракетин көргөн. Бирок мейманкана бир нече жолу сатыкка коюлганы менен сатып алуучу чыккан эмес.

Ушул жылдын февраль айында өкмөт “Ак-Кеме” мейманканасын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп берген.

Учурда Каржы министрлиги акционерлердин салым каражатынын суммасы боюнча соттошуп жатат. Министрликтин маалымат катчысы Гүлмира Түгөлбаева сот чечиминен кийин гана “Ак-Кеменин” арызы боюнча маселе караларын айтты:

- “Ак-Кеме” мейманканасы өздөрүнө таандык 407 млн сом боюнча айтсам, Каржы министрлиги бул маселе боюнча доо арыз берген. Жалпысынан Каржы министрлиги сотко эки доо менен кайрылып, экөө тең “Ак-Кеме” мейманканасынын финансылык иштерине байланыштуу. Сот чечиминен кийин гана биз тараптардын доосун аткарууга даярбыз.

"Ак-Кеме" мейманканасын курчаган милиция кызматкерлери
"Ак-Кеме" мейманканасын курчаган милиция кызматкерлери

ИИМ: милиция эч кимди кубалаган жок

Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Адыл Оморов, мейманкананы бошотуу үчүн 300 милиция барганын айтып, бирок милиция болгону имараттын коопсуздугун сактап жатат дейт.

- Биринчиден, милициянын кызматкерлери мейманканадагыларды кубалап чыккан жок. Имаратка 22-июнда сот аткаруучулар жана өкмөттүн өкүлдөрү барары алдын ала айтылган. Бул маалымат бизге да келип түшкөндөн кийин коомдук коопсуздукту сактоо максатында милиция кызматкерлер ал жакка барды. Милиция мейманкананын ичине кирген жок, алар имараттын сыртындагы коопсуздукту гана сактап жатат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалыматына караганда, эртең менен мейманканада 11 конок болсо, кечки саат 6да беш адам калган. Алты адам убактылары бүткөндүгүнө байланыштуу мейманканадан чыгып кетишкен. Ошондой эле мейманканада ижара төлөп отурган редакцияларга өз кабинеттерине кирүүгө уруксат берилген.

“Ак-Кеменин” жетекчилиги мейманкананын баасын эсептөөдө өкмөт имараттагы тиричилик техника, буюм-тайымдар, эмерек, бассейин өңдүү мүлктөрдү эске албаганын билдирип, мейманкананын чыныгы баасы эсептелгенден да жогору экендигин айтууда.

Ал эми Мамлекеттик мүлк фонду мейманкананын мүлкү толук эсептелип бүткөн соң ашыкчалары ээлерине кайтарылып берилет деп ишендирди.

“Ак-Кеме” мейманканасын түркиялык “Систем Мүхендислик” компаниясы 1993-жылы түрк насыясына кура баштаган. 1999-жылы кыргыз өкмөтү түрк компаниясын бааны атайын жогорулатып, курулушту жүргүзгөн деп айыптап, мейманкананы банкрот деп жарыяланган.

2005-жылы март ыңкылабынан кийин анын кожоюндары алмашкан болчу. Бирок ал мамлекетке өтпөй, жеке тараптын башкаруусунда калган.

"Ак-Кеме" мейманканасы мамлекетке өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG