16 жаштагы Айша көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын 2016-2018-жылдардагы чемпиону, 2018-жылы Азия кубогунда коло медалга ээ болгон, ошондой Азия-2016, Азия-2018 чемпионаттарынын финалисти. 16-20-сентябрда Азербайжанда өткөн дүйнө чемпионатында Кыргызстандын атынан катышкан.
«Азаттык»: Сиз азыр Москвада Ирина Винер-Усманованын борборунда машыгып жатасыз. Чет өлкөлүк гимнасткаларга Орусиядагы мындай мыкты мектепке өтүү оңой болбосо керек. Бул борбордо кантип машыгып калдыңыз?
Айша: Ирина Винер-Усманованын борборунда машыгып жатканыма эки жыл болду. Учурда Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу Ольга Назарованын көзөмөлү алдында машыгып жатам. Бий боюнча тренер Дмитрий Степанчиков, хореограф Дина Юлдашева менен да тыгыз иштешем. Албетте, мындай мектепке бардык каалоочуларды эле ала бербейт. Сен өзүңдүн дараметиңди көрсөтүшүң керек.
Орусияда гимнастика боюнча мектептер, машыктыруучулар көп. Дүйнөнүн ар кайсы жагынан атайын окууга келишет. Чет өлкөлүктөрдү жылуу кабыл алышат. Мындан улам атаандаштык күчтүү. Москвадан тышкары Новогорск шаарчасындагы олимпиадалык базага барып машыгып турабыз. Мен өзүм буга кошумча Санкт-Петербургдагы Лесгафт атындагы университетте көркөм гимнастика факультетинде окуйм. Азыр декабрда Кыргызстанда өтө турган республикалык чемпионатка даярданып жатам.
«Азаттык»: Сиз буга чейин Кыргызстанда машыккансыз да. Орусия менен Кыргызстанды салыштырганда спорттун бул түрүнө мамиле, спортчуларды даярдоо шарттары, машыктыруучулардын ортосундагы айырмачылык чоң болсо керек.
Айша: - Мен жети жашымда көркөм гимнастикага келгем. Бишкекте «Ак-Барс» клубунда Жаныл Каймазарованын, кийин «Фэмили спорт» клубунда Сабина Аккулакованын тарбиясын алып, машыгуусунан өткөм. Андан бери Кыргызстандагы тренерим Аделина Шаяхметованын колундамын.
Тренерлер бардык жерде бирдей. Ар биринин спортчулар менен иштөөдө өздөрүнүн ыкмасы бар. Орусиялык менен кыргызстандык тренерлердин ортосунда бир гана айырмачылыкты байкадым. Мисалы, Москвада сенин артыңан эч ким чуркап окутуп, машыктырууга кызыкдар эмес. Кааласаң залдан кетип да калсаң болот, өз убалың өзүңө дегендей. Бирок, ошол эле кезде бул жакта талап күчтүү. Ар бир кыймылдын 100 пайыздык деңгээлде так, туура аткарылышы талап кылынат.
Ал эми спортчуларды даярдоо шарттары боюнча, албетте, салыштыруу кыйын. Кыргызстанда көркөм гимнастика жаңыдан гана өнүгүп келе жатпайбы. Акырындык менен жаңы мектептер ачылып, жакшыраак шарттар түзүлүп баратканына карабай дагы деле арттабыз. Бир топ мыкты гимнасткалар эл аралык турнирлерге чыга алышпай калат. Каржылоо, өнөктүк колдоо аз.
«Азаттык»: Спорт дүйнөсүнө кызытма чатагы чуу салды. Орусиялык бир топ спортчулар, анан калса борбор азиялыктар деле айыпталып, мелдештердеги жетишкендиктери жокко чыгарылып жатат. Мындайча айтканда, «чоң спорт доппингсиз мүмкүн эмес» деген түшүнүк пайда болду. Сиз да эл аралык турнирлерге катышып, чет өлкөлүк спортчулар менен бирге машыгып жүрөсүз. Буга кандай карайсыз?
Айша: - Профессионалдык түрдө машыгып жүргөн бардык спортчулар ден cоолугу үчүн, көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн кандайдыр бир витаминдерди туруктуу кабыл алышат. Бирок, тыюу салынган, уруксат берилбеген дары-дармектерди колдонууга, албетте, жол берилбеши керек. Мен допингсиз эле жакшы даярдык менен ийгиликтерге жетишсе болот деп ишенем. Мелдештер спортчуларга бирдей шартта, таза өтүшү керек. Эми допингге байланыштуу чуулардан кийин спортчулар деле бул жол аябай кооптуу экенин түшүнүп калышты го.
«Азаттык»: Спорттогу коррупция, тааныш-билиштик тууралуу да көп айтылып келет. Сиз өзүңүз мындай көрүнүштөргө туш болгонсузбу, айланаңыздагы чөйрөдөн байкайсызбы?
Айша: - Мындай нерселер болот. Спорттун ар бир түрүндө бар. Кандайдыр бир максаттарда бир спортчуга артыкчылык берип, көтөрмөлөп, бирөөнү басып койгон учурлар болот. Жеке мен өзүм буга туш болгон эмесмин. Өзүмдүн профессионалдык карьерамда мындай нерсе болушун эч каалабайм.
«Азаттык»: Сиздин атаңыз Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, эки агаңыз күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондору. Апаңыз көркөм гимнастика федерациясынын жетекчи орун басары экен. Спортчулардын үй-бүлөсүндө туулуп, тарбия алганыңыз сиздин жеке жолуңузду аныктап койгонбу?
Айша: - Ооба, үйдө баары спортчу. Беш уулдун арасында өскөн жалгыз кызмын. Эркемин деп айтпайм. Ата-энебиз баарыбызга талапты бирдей коёт. Кичинемден спорттук мелдештерге барып, атамдын, агаларымдын аракеттерин көрүп чоңойгом. Баары күрөшкө барышат. Апама бул кызматты сунушташкан. Мени менен жүрүп, апам бул тармакты жакшы түшүнөт, тажрыйбасы бар. Анткен менен эл аралык турнирлерде залга сен өзүң жалгыз чыгасың. Ата-энең, тренерлериң ким экендигине карабай бир гана өзүң жыйынтык көрсөтө аласың.
«Азаттык»: Өзүңүздүн келечегиңизди кандай элестетесиз? Көркөм гимнастикада жаш курак боюнча чектөө бар эмеспи. Олимп оюндарына катышуу максатыңыз барбы?
Айша: - Көркөм гимнастикада залда адамдар көргөн сулуулукту жаратуу оңойго турбайт. Бул көп жылдык машыгуу, ар бир кыймылды күндө миң жолу кайталап, идеалдуулукка жеткирүү аракети. Мен жумасына алты күн 6-8 cааттан машыгам. Буга өзүм кичинемден көнүп калгам. Гимнастикада бир гана денени машыктыруу жетиштүү эмес, биз ар бир чыгышка өзгөчө образ түзөбүз. Ал үчүн артистизм, бийге шык керек.
Албетте, гимнастикада келбеттүү, бойлуу, ак куу моюн кыздар бааланат. Бирок, ийгиликке эмгек, аракет менен да жетише аласың. Баары тажрыйба менен келет. Ошол эле учурда ар бир чыгыштын алдында өзүңдүн мүмкүнчүлүгүңдү толук көрсөтө албай калуу, сага колдоо көрсөткөн адамдардын ишенимин актабай калуу коркунучу болот. Олимп оюндары сыяктуу чоң мелдешке катышуу үчүн мен алгач республикалык чемпионаттан, андан кийин дагы бир нече эл аралык турнирлерден өтүшүм керек.
Азырынча ага белсене элекмин. Ооба, гимнастикада 30 жашка чейин кала албайсың. Жаш өткөн сайын дененин кыймылы, ийкемдүүлүгү чектелет. Мен азырынча келечегиме эч кандай план түзө элекмин, алгач окуумду бүтүшүм керек. Азыр күнүмдүк машыгууларымдан, турнирлерде эл алдындагы бийлеримден ырахат алып келем.