Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Алты жылдан бери боло элек суук келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда алдыдагы үч күн ичинде адаттан тыш суук болору кабарланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 25-30 градуска чейин төмөндөй тургандыгын, мындай көрсөткүч алты жыл мурда катталганын билдирди.

"Катуу суук келатат" деген кабар эмитен эле шаар тургундарынын шаштысын кетире баштады. Акыркы эки күн ичинде социалдык тармактардын колдонуучулары алдыдагы ызгаар тууралуу сүрөттөр менен билдирүүлөрдү жайнатып, чуу көтөрүп жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсү боюнча, 26-29-январда Бишкекте абанын температурасы күндүз -17, түнкүсүн - 25 градуска чейин төмөндөйт. Ал эми тоолордо сууктун күчү түнкүсүн - 30, Суусамырда -40 градуска чейин жетиши мүмкүн. Аба ырайынын мындай кескин өзгөрүшү акыркы жолу 2012-жылы катталган экен.

"Азаттык" Бишкек шаарынын тургундарына "Сууктан кантип коргонуп жатасыз?", деген суроо узатты:

Сууктан кантип сактанып жатасыз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык соңку аптада эле сасык тумоо менен ооругандардын саны төрт миңден ашты. Алардын 70% балдар. Январдын баштапкы эки жумасына салыштырганда бейтаптардын саны азыр 19% көбөйгөн. Сасык тумоо адатта декабрь, январь айларында күчөйт.

Жугуштуу ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева жагдай дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин айтып, ошол эле учурда жарандарды ден соолугуна өз учурунда көз салууга чакырды.

- Ооруканаларда, бейтапканаларда киши толуп, орун жок калды деп азырынча айта албайбыз. Анын үстүнө быйыл Саламаттык сактоо министрлиги алдын-алуу иштерин жакшы жүргүздү. Ооруканаларга кошумча койкалар коюлду. Бейтапканаларда дарыгерлер оорулууларга тез жардам көрсөтүп, дароо дары жазып бериш үчүн ишемби күндөрү да иштеп жатышат. Мындан сырткары, министрлик быйыл эки эсе көп вакцина, 84 миңден ашык доза дары-дармек жазып берген. Жарандарга айтаарым - эгер кимдир-бирөө ооруп калса сөзсүз беткап кийиш керек. Витаминге бай тамак-аш жеп, бир маал таза абага чыгып сейилдеп, иммунитетти көтөрүү зарыл.

Ал эми Билим берүү министрлиги суукка байланыштуу Кыргызстандагы бардык мектептерде окуу 26-январдан 30-январга чейин убактылуу токтотуларын жарыялады. Мындай чечим мыйзам чегинде балдардын ден соолугуна кам көрүү максатында кабыл алынды.

Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Беш күн окуган мектептерде окуу программалары кийин ишемби күндөрдүн эсебинен толукталат. Ал эми алты күндүк жадыбал менен иштеген мектептер азыркы эс алуу күндөрүн жазгы каникулда толуктайт.

Эрежеге ылайык класста абанын температурасы +18 градустан төмөн эмес, +22ден жогору эмес болушу зарыл. Бул көрсөткүчтүн өзгөрүшү менен окууну убактылуу токтотуу маселеси чечилет.

Бишкектеги №4 мектептин мугалими Жибек Турдукулова мындай кабарды кесиптештери ар кандай кабыл алганын айтты:

- Мектептин ичи жылуу. Бирок көп болбосо да бир класстан бирден-экиден окуучу келбей калган учурлар болуп жатат. Мугалимдер ар кандай кабыл алышты. Бири "балдар үшүп жатат" деп, өзгөчө сырттан келгенче балдардын колдору тоңуп калаарын айтып, бул чечимди туура көрсө, кээ бири "башкысы мектеп жылуу да" деген оюн айтып жатышат.

Суук өзгөчө шаардагы муниципалдык ишкана кызматкерлеринин чыдамкайлыгын сынаса керек. Бишкек мэриясына караштуу "Тазалык" ишканасынын өкүлү Талант Казакбаев кызматкерлер күндөгүдөй эле ишин уланта берерин, иш үзгүлтүккө учурабашы үчүн техникалык каражаттардын баары текшерилип жатканын билдирди.

- Күндөгүдөй эле машинелер чыгып, кызматкерлер көчөлөрдү шыпырып жатышат. Мындан суук болгонго да даярбыз. Азыртан техниканы текшерип, солярка тоңуп калбашы үчүн чара көрүп жатабыз. Биздин базада ар бир райондун ар бир кызматкери үчүн атайын бөлмөлөр бар. Ал жакка кызматкерлерди улам алып келип, жылытып, кайра ишке жиберип жатабыз. Мындан сырткары, ашканабызда ысык чай, тамак-аш берилип жатат.

Бишкекте "Тазалык" ишканасынын кызматкерлерине 25-январда жарандык активисттер да ысык чай беришти. "Ысык чай бер" деген акцияны "Биринчи балдар хосписи" уюму жетектеп жатат. Сууктун күчү кайткыча болчу акцияга бардык каалоочулар кошулса болот. Ал ортодо социалдык тармактарда жарандарды керектүү жерине ташый турган "акысыз такси" акциясы башталды. Ага ылайык унаасы бар колдонуучулар бара турган дарегин жазып, багыты бир жарандарды кошо ала кетип турмакчы.

Алардын бири, "Facebook" социалдык тармагынын колдонуучусу Чыңгыз Сапарбаев үйүнөн жумушуна чейинки каттамын жазып, жолоочуларды ала кетүүгө даяр экенин баракчасына жазып чыккан:

Чыңгыз Сапарбаев.
Чыңгыз Сапарбаев.

- Бишкек шаарындагы айдоочулардын көпчүлүгүнүн унаасында бош орун бар жана бирөөнү алып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Биз муну "Фейсбукка" жарыялап, башкалар да кошулсун, үлгү болсун деген максатта жарыяладык. Оболу коңшусун, кесиптешин ала кетип же аялдамада тургандарды салып, бош орундарды толуктап ала кеткендер бар. Бирок биздин жарандар коркуп же уялып, башка бирөөнүн унаасына түшкөнгө батынбайт экен. Бири-бирибизге ишенип, жардам берели. Ушундай суук аба ырайында мүмкүнчүлүк болсо бири-бирибизге көмөк кылганга чакырат элем.

Бул күндөрү аба ырайынын начарлашынан улам Казакстандын Астана шаарында айрым жарандар үшүккө алдырып, бир катар шаарларда бала бакчалар, мектептер жабылган. Жуманын башында аймакта аба ырайы -38 градуска түшүп, Казгидромет 26-январга чейин өлкөнүн айрым жерлеринде сууктун күчү күндүз -35, түнкүсүн -45 градуска чейин жетерин эскерткен эле.

Астананы бороон каптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG