Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:38

Кыргыз волейболунун Азиядагы ийгилиги


Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы. Катманду, Непал. 19-август, 2019-жыл.
Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы. Катманду, Непал. 19-август, 2019-жыл.

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатынын жеңүүчүсү болду. Финалдык беттеште курама команда Өзбекстанды 3:0 эсебинде жеңди. Мелдеш 19-24-август аралыгында Непалдын борбору Катманду шаарында өттү.

Команда финалда Өзбекстандын курама командасы менен беттешип, үч партиянын жыйынтыгында 3:0 эсеби менен жеңишке жетти.

Азиянын аймактык чемпионаты. Финал: Кыргызстан - Өзбекстан. Непал, Катманду шаары. 24-август, 2019-жыл.

Мелдештин жүрүшүндө Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Жамал Мусаев менен Каныбек Оңолбек уулу мыкты оюнчу аталышты. Жамал Мусаев мелдештен соң «Азаттыкка» маек куруп, жеңиш оңой келбегенин билдирди:

«Финалда көбүрөөк ойлонуп койдукпу, билбейм, оюнубуз бир жүрүшүп, бир жүрүшпөй бир аз кыйналдык. Бирок биз ойлогондой, биз күткөндөй болду. Жыйынтык жакшы. Мен мелдештин мыкты оюнчусу болдум. Бул сыйлыкты алышыма командамдын жардамы чоң. Алар мага жардам берип, бири-бирибиз менен байланышта, ынтымакта ойнодук. Бул сыйлыгымды Кыргызстандын волейбол сүйүүчүлөрү жана командам менен бөлүшөм. Менин сыйлыгым - жалпы команданын, Кыргызстандын сыйлыгы».

Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионаты 19-августта башталып, ага жети өлкөнүн командалары катышты. Тайпалык тандоо оюндарында Кыргызстан «А» тобунда Непал жана Мальдив аралдарынын курама командалары менен ойноп, экөөнү тең 3:0 эсеби менен утуп жарым финалга чыкты.

«Б» тайпасында Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Бангладеш менен Ооганстандын курама командалары өз ара ойноп, жарым финалга Өзбекстан менен Түркмөнстандын курама командалары чыккан.

Финалга чыгыш үчүн беттеште Кыргызстандын волейболчулары былтыр бул мелдештин чемпиону болгон Түркмөнстан менен ойноп, үч партиянын жыйынтыгында 3:0 эсеби менен утуп кетти.

Кыргызстандын курама командасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулунун айтымында, жылдан жылга мелдештин деңгээли өсүп баратат.

«Акыркы беш жылда эң күчтүү командалар келген мелдеш болду, - дейт ал. - Башка өлкөлөрдүн командалары чет элдик машыктыруучуларды жалдап, мыкты даярданып келишиптир. Бул мелдешти жеңүү, кубокту алуу биз үчүн чоң тажрыйба жана сыймык деп эсептейм».

Волейбол боюнча Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатына Кыргызстан 2015-жылдан баштап катышып келатат. Алгачкы жолу өткөн мелдеште Кыргызстан тайпалык мелдештерден өйдө чыкпай калган. 2016-жылы күмүш медаль тагынып, 2017-жылы чемпион болгон. 2018-жылы коло медалга татыган. Быйыл экинчи жолу чемпион болуп жатат.

Кыргызстандын Волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңишбек Кызалаков курама команданын ийгиликке жетишине 10 жылдан ашык талыкпаган эмгек талап кылынганын айтты:

Жеңишбек Кызалаков.
Жеңишбек Кызалаков.

«10 жыл мурун бир жылда 10 оюн өткөрсөк өткөрөт элек, болбосо жок. Биз 2009-жылы Элмурза Сатыбалдиевди федерациянын президенти кылып шайлап алганбыз. Ошондон бери талыкпай иштеп келе жатабыз. Элмурза Сатыбалдиевдин жетекчилиги астында биздин команда ушундай деңгээлге көтөрүлдү. Биздин команданы Азия чөлкөмүндө биле башташты. Волейбол боюнча Азия мамлекеттеринин арасында мелдештер өтүп, Иран, Шри-Ланка, Пакистан, Казакстан, Индия өндүү мамлекеттердин курама командалары топ-10 командалардын катарына кирет. Калган 9 мамлекет өз ара Азиянын борбордук зона чемпионатында ойнойт. Кыргызстан бул мелдешке 2015-жылдан бери катыша баштады».

Волейбол федерациясынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 135 миңден ашык киши волейбол менен машыгат. Өлкөнүн Улуттук жана Жогорку лигаларында 18 кесипкөй команда, кыз-келиндердин 6 кесипкөй командасы бар. Ал эми волейбол ышкыбоздорунун арасында «Энелер», «Ардагерлер», «Студенттер», «Мектеп», «Маданият кызматкерлери», «Жаштар» жана башка 10 чакты лигада күн сайын мелдештер өтүп келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG