Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Мектеп менен соттошкон 81 жаштагы мугалим


Казикан Тайшинов окуучуларга сабак өтүүдө. 20-февраль, 2020-жыл.
Казикан Тайшинов окуучуларга сабак өтүүдө. 20-февраль, 2020-жыл.

Көк-Жаңгак шаарындагы №6 Михаил Ломоносов атындагы мектептин мугалими, 81 жаштагы Казикан Тайшинов билим берүү бөлүмү менен соттошуп, азырынча мектепти таштап кеткиси жок. 2-топтогу майып ардагерге жакында эле медициналык комиссия «иштөөгө болот» деген бүтүм чыгарып берген.

Мектеп жетекчилиги адам өз каалоосу менен кетмейинче эч кимди иштен ала албай турганын билдирүүдө. Учурда шаарда иштеген мугалимдердин 30% ашыгы пенсия курагындагылар.

81 жаштагы Казикан Тайшинов Көк-Жаңгак шаарындагы жашы улуу мугалимдердин бири. Учурда ал эки мектепте «Аскерге чейинки даярдык» сабагынан окуучуларга билим берип келет. Аптанын эки күнү ардагердин иши мектепте өтөт.

Казикан Тайшинов Көк-Жаңгактагы №6 М.Ломоносов атындагы мектепте.
Казикан Тайшинов Көк-Жаңгактагы №6 М.Ломоносов атындагы мектепте.

Тайшинов №6 Михаил Ломоносов атындагы мектепте 4 сааттык окуу программасы менен иштеп, 1335 сом маяна алат. Ардагер педагог 2011-жылдан бери эмгек маянасы туура эмес эсептелип жатканын айтып, билим берүү бөлүмү менен соттошуп келе жатат. Анын себебин мугалим мындайча түшүндүрдү:

«Мектепте мен «аскерге чейинки даярдоонун» жетекчиси кызматында иштейм. Бул кызмат 1970-жылдан бери мектептердин программасына киргизилген. Бирок айрым кызматкерлердин кийлигишүүсүнүн натыйжасында 2011-жылдан бери штатта каралган каражаттар берилбей жатат. Өкмөттүн №270 токтомунун 14-тиркемесинде мектептердеги аскер жетекчисинин эмгек маянасы 5 миң сом деп көрсөтүлгөн. Мындан сырткары Конституциянын 42-беренесинин 3-бөлүмүндө «Ар ким эркин эмгектенүүгө, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алууга укуктуу» деп жазылган. Мен мыйзам чегинде 5 миң сом маяна жана педагогикалык иш тажрыйбама 30% кошумча катары дагы акы алышым керек. Бирок андай болбой жатат. Билим берүү бөлүмү маяна менен ставканын айырмасын билбей жатат».

Педагог бул туурасында арызданып 2011-жылы сотко кайрылган. Сузак райондук соту 2014-жылы жана 2019-жылы Казикан Тайшиновдун арызын жарым-жартылай канааттандырып, 2011-2015-жылдардагы берилбей калган 509 миң сом маянасын төлөп берүүгө Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүн милдеттендирген. Бирок кийинки инстанциядагы соттор алардын баарын жокко чыгарган. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Саткынташ Сейдакматова мугалим соттун чечимдерине да макул болбой жатканын айтты:

Саткынташ Сейдакматова.
Саткынташ Сейдакматова.

«Өкмөттүн 2011-жылдын 31-майындагы №270 токтому менен бекитилген «Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө тартиби жөнүндө» нускамага ылайык, ошол жылдан тартып мугалимдердин маянасы штаттык бирдик катары эмес, өтүлгөн сабагына жараша төлөнүп келет. Штаттык бирдик кесиптик лицейлерге таандык, ал жалпы билим берүүгө жайылтылбайт. Ошондуктан аскерге чейинки даярдык сабагын окуткан мугалимдерге өтүлгөн саатына гана маяна төлөө белгиленген. Бирок агай аны менен макул болбой келе жатат. 2011-жылы сотко берген иш былтыр гана акырына чыкты. Анткени Жогорку сот мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп, агайдын өтүнүчүн четке какты».

60 жыл мугалимдик тажрыйбасы бар ардагер 1993-жылы Көк-Жаңгак шаарына көчүп келген убактан тартып мектепте иштейт. Кесиби боюнча биология мугалими. 2018-жылы мектеп жетекчилиги педагогго жаш курагына байланыштуу сабак өтүүгө уруксат берген эмес. Бирок Тайшинов сотко кайрылып, кайрадан мугалимдик ишин улантып келет. Саткынташ Сейдакматова ардагерге карата эч кандай чара көрө албай жатканын билдирди:

«Эки жыл мурда дарыгерлер Казикан Тайшиновдун оорулуу экенин аныктап, жанында бирөө карап жүрүшү керек экенин билдиришкен. Анын өмүрүнөн кооптонгон мектеп директорлору ага сабак берүүдөн баш тартышкан. Ага ызаланган агай сотко кайрылып, акыры аргасыздан мектепке алууга мажбур болдук. Учурда агайдын кулагы жакшы укпайт, көзүнүн көрүшү да начарлаган. Окуучулардын айткандарын оңдоп, аларга туура багыт бериши керек, бирок андай эмес. Акырын басат, кыймыл-аракеттери да жай. Аны айтсаң эле бизди жаман көрүп, үстүбүздөн ар кайсы жакка жазып турат. Аргасыз агайдын айткандарына макул болуп, эми эч жакка арызданбайт болуш керек деп мектепте иштетип жатабыз».

Ардагер эмгектенген мектепте 400гө жакын окуучуга 20 мугалим билим берет. Алардын сегизи пенсия курагындалар, мында педагогдорго муктаждык бар. Көз айнек тагып, таяк менен мектепке каттаган мугалим азырынча балдарды таштап кеткиси жок.

Казикан Тайшинов.
Казикан Тайшинов.

«Бутум бир аз ооруганы болбосо, ден соолугум чың, бакубат жүрөм, - деди ал. - Окуучуларга физикалык даярдык боюнча сабак бере албасам, калганын үйрөтүүгө кудуретим жетет. Качан гана маянама байланыштуу акыйкат болот - ошондо гана жумушумду тапшырышым мүмкүн. Балдарга толук билим бере албаганыма мен күнөөлүү эмесмин. Балдарга сабак өтүүдө 1984-жылы чыгарылган, союздан архивде калган, тытылган китепти колдонуп жатабыз. Билим берүү министрлиги жыл сайын «жаңы китеп чыгарып жатабыз» дегени менен «Аскерге чейинки даярдык» сабагынан китеп жок. Мен өзүмдүн архивимде чогултулган материалдардан алып, балдарга жаздырып жатам».

Шаардагы №6 Михаил Ломоносов атындагы мектептин директору Эрнис Юлдашев жакында эле медициналык кароодон өткөн аксакалды адистер «иштөөгө жарактуу» деп тыянак чыгарып бергенин айтты:

«Жыл сайын мугалимдер окуу жылынын башталышында медициналык комиссиянын кароосунан өтүп турушат. Былтыр ошол комиссия Казикан Тайшиновго мектепте иштөөгө уруксат берген. Агайдын ден соолугу тууралуу биз эч нерсе айта албайбыз. Эмгек кодексинде да жаш курагына байланыштуу жумуштан алуу жөнүндө талап жок. Ал норма жетекчилик кызматта иштегендерге гана 65 жашка чейин деп белгиленген. Ошондуктан өз каалоосу менен кетмейинче аны биз жумуштан четтете албайбыз».

Көк-Жаңгак шаарындагы беш мектепте 120 мугалим балдарга сабак берет. Алардын ичинен 40 киши учурда пенсия курагындагылар. Шаарда орус тилдүү мектептерде педагогдорго болгон тартыштык бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG