Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Күрөш: Кыргызстан алтынчы медалды алды

Кыргызстандыктар Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында байгеге ээ болгон спортчулардын алгачкы тобун тосуп алышты.

Кыз-келиндер күрөшүнөн кыргыз балбандары эки алтын, бир коло, эркин күрөштөн бир күмүш, бир коло, грек-рим күрөшүнөн бир күмүш байгеге ээ болушту.

Алтын байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), күмүш байгени эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев (70 кг), коло байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг), эркин күрөштөн Алибек Осмонов (65 кг) алды. Грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта финалда молдовалык Виктор Чобану менен күрөшүп, күмүш медал тагынды.

9-октябрда грек-рим күрөшүнөн Калы Сулайманов (63 кг.) жана Марлен Асикеев (67 кг.) да килемге чыгып, байгесиз калышты. Сулайманов алгачкы беттешинде жапониялык Кензуке Шимизуга жеңилип жарыштан четтесе, Асикеев алгач украиналык Алексей Масюкту жеңип (7:4), 1/8 финалда мелдеш кожоюну Мортен Торесенге утулду (4:6).

Мелдеш 10-октябрда аяктайт. Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 15 балбан барды. Айсулуу Тыныбекова эгемен Кыргызстандын тарыхында Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды. Ошондой эле спорттун олимпиадалык түрлөрүнөн дүйнө чемпионатында алтын байге алган алгачкы спортчу. Мээрим Жуманазарова Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатын утуп алган Айсулуу Тыныбековадан кийинки экинчи спортчу. Ал эми Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык. Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең күмүш байге алган алгачкы кыргызстандык спортчу.

10:12 9.10.2021

Айсулуу Тыныбекова: Акыркы бир айда жакшы даярдана алган эмесмин. Дүйнөлүк чемпионатта уялганыман, өжөрлүк менен эле жеңип чыктым. Биринчи мелдеш кыйын болду. Жандүйнөм, булчуңдарым ооруп турган, батыраак бүтсө экен деп жаттым. Режим кармабагандыктан салмагым да түшүп жатты. Бир ай спорт режиминен чыгып кетсең кыйын экен. Жаңылыштык, коркунучтук болгон жок. Адам ичинен өзүнө ишенсе баарына жетет, ишеним болбосо күчтүү болсо да жеңе албайт.

Мындан кийин машыга берем, бирок жандүйнөнүн тынчтыгын каалап турам. Алдыдагы Олимпиадага даярданышым керек.

10:14 9.10.2021

Айпери Медет кызы: Дүйнө чемпионатына алтын медал алам деп баргам. Спорт деген спорт экен. Коло алдым. Акыркы мелдеште эстон кыз менен күрөштүм. Утуп келе жатып акыркы 30 секундда утулуп калдым. Машыктыруучуларга рахмат, буюрса алдыдагы беттеште сиздерди сүйүндүрөм деген үмүттөмүн.

10:18 9.10.2021

Жогорку Кеңештин депутаты Байгазы Кенжебаев: Олимпиададан кийин Дүйнө чемпионатына ишенимдүү бардык.

Күрөш федерациясына бир заманбап зал салып койсо жакшы болмок. Биз ушул маселени парламентте байма-бай көтөрүп келебиз. Экономикага байланыштуу ал ишке ашпай келет. 1-1,5 миллион доллардык зал болсо күрөштүн үч түрүнөн машыккандарга жакшы болмок. Азыр эми масса да көбөйө баштады. Зал сөзсүз керек.

10:24 9.10.2021

Алибек Ташматов, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчисинин орун басары: Биз бир нече жолу сунуштаганбыз. Өкмөт колдосо, жер маселесин чечип берсе, жаңы спорт аренасын курганга инвесторлор даяр турат. Бирөө эле эмес, эки-үчөө даяр турат. Сырттан келген инвесторлор да бар. Жер маселесин эле чечип берсе жакшы болот эле.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG