Бишкектин Пишпек кичирайонунун тургуну Алмира он чакты адам менен шаардын башка тарабындагы шайлоо тилкесине №2 форма аркылуу катталып келген. Алмира аларга партиялардын бири акча бергенин жана ал катталган добушкана аз күндө эле толуп калганын айтты:
«Эки партиядан №2 форма толтуруу боюнча сунуш түшкөн. Бир партия миң сом бергенден кийин төрт күн өтүп барсак бир добушкана толуп калыптыр. Экинчисине - №1119 тилкеге барып катталып келдик. «Шайлоодон кийин дагы 1000 сом беребиз» дешти. Бирок добушту башкага деле берсек болот экен. Алар «бизге добуш эмес, катталгандардын саны маанилүү» дешти. «Ошого тез жетишип калгыла» деп шаштырып жатышты».
Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү башталгандан бери далай шайлоочулар жапырт түрдө №2 форма документин толтуруп жатат.
№2 форма - жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу арызы. Бул ички миграцияны жана шайлоочунун укугун эске алуу менен киргизилген. Шайлоочуну убара кылбай, анын каалаган жерден добуш беришине шарт түзө турган бул документти партиялар өз кызыкчылыгына колдонууга аракеттенүүдө. Шайлоого аттанган саясий партия өзүнүн ар бир талапкерине аймактарды бөлүп берет. Талапкер депутаттык мандатка ээ болушу үчүн өзүнө бөлүнгөн шайлоо тилкесинен болушунча көп добуш алууга тийиш.
Кыргызстанда 13-сентябрга карата шайлоочулардын саны үч миллион 465 миң адамды түздү. Алардын жарым миллонго жакыны Бишкек шаарына, 700 миңдейи Ош облусуна туура келет. Бир добушканадагы шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек деген чектөө бар. Ошондуктан толуп калган шайлоо участоктору №2 форма тууралуу арызды кабыл албайт.
Маселен, Бишкек шаарынын тургуну Аскар Акталов өзү катталган аймакта №2 формасын толтура албай калган.
«Биз барганда шайлоо участогунда «форманы толтурууга болбойт» деп айтышты. Алар муну катталгандардын саны чектен ашканы менен түшүндүрүштү. А бирок мен ушул аймакта жашап, каттоодо турам. Ошондуктан биз ушул жерде добуш беришибиз керек эле», - деди ал.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова журналисттер менен кошо Бишкектеги он чакты шайлоо тилкесин кыдырып келген. Абдрахматова айрым добушканаларда катталуучулардын тизмеси тез эле толуп калганын байкаган.
«Ар бир эле шайлоо участогундагы №2 форма боюнча арызды жапырт келип толтурушкан. Маселен, бир күндө 250ге чейин каттаган шайлоо участогун көрдүңөр. Реалдуу караганда мынча кишини бир күндө каттоо мүмкүн эмес. Кээ бир күндөрү эч ким келген эмес, кээ бир күндөрү 100 кишиге чейин келип жатат. Мунун өзү бирөөлөр уюштуруп, алып келип жатканынан кабар берет. Дагы бир участокто кечки саат 20:00ден кийин шайлоочулар келгенин көрдүк. Бишкектеги №1048 шайлоо участогунда жумуш убактысы бүткөндөн кийин кимди идентификация кылып №2 форма менен кошумча тизмеге кошуп жатышат? Муну териштириш керек. Бул одоно мыйзам бузуу. Айып пул салып коюу жетишсиз».
Абдрахматова БШКдан шайлоо участоктору тууралуу маалыматты ачыкка чыгарып, бул маселелерге көңүл бурууну талап кылган.
Буга чейин шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө добуштарды сатып алуу жана шайлоочулардын дарегин өзгөртүү максатында жарандардын паспортторун чогултуу фактылары боюнча арыздар түшүп жатканын БШК да ырастаган.
БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, шайлоочулардын паспортторун жапырт чогултуп алып, алардын шайлоо дарегин мажбурлап которуу аракети үчүн чара көрүлөт.
«Азыркы кезде жер-жерлерден жарандардын паспортторун чогултуп, №2 форма толтурткандар тууралуу маалыматтар түшүп жатат. Эч бир жарандын паспортун башка бирөө алып, колдонушуна жана чогултуп алышына уруксат жок. Андай учурларда аймактык шайлоо комиссиясына же укук коргоо органдарына кайрылсаңыздар болот».
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш сатып алуу же сатуу үчүн жоопкерчилик каралган. Жазык кодексинин 192-беренеси боюнча добуш сатып алган адамга 220 миңден 260 мин сомго чейин айып салынат же болбосо эки жарым жылга темир торго камалат. Добушун саткан адамга да ушундай эле жазалар каралган.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев №2 форма боюнча мындай комментарий берди:
«№2 форма - партиялар үчүн эң керектүү жана пайдалуу ыкма. Маселен, Бишкекте популярдуу болбогон партиянын мүчөлөрү ички мигранттарды же тааныштарды ар кандай жол менен форманы толтурууга үгүттөйт. Кээ бирине акча сунуш кылышат, кээ бирине дагы башка жолу бар. Чынында бул шайлоочулардын укугун да бузуу. Айрымдары өзү жашаган жерден, участогунан чыкпай калса, кээ бирин «сүйрөп» эле добуш берүүгө алып барышы мүмкүн. Алар өз каалоосу менен барбайт».
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. Ал эми №2 форма деп аталган документ 2011-жылдагы президенттик шайлоодон баштап колдонула баштаган.