Ошто бюллетенди тытып салган шайлоочу мындай кадамга башка партияны белгилеп алгандыктан барганын айтты.
БШК: Шайлоочулар активдүү добуш берүүдө
БШК саат 10:00гө карата үч шаардагы кайра шайлоого катышкандар апрель айына караганда көп экенин билдирди. Добуш бергендер апрель айына салыштырмалуу 8 808 шайлоочуга көп, же 1,37% жогору.
Ал эми шаарлар боюнча караганда абал төмөнкүдөй:
Бишкек – 4 649 шайлоочуга.
Ош – 2 829 шайлоочуга көп.
Токмок – 1 267 шайлоочуга көп.
Боршайком саат 10:00гө карата 35 506 шайлоочу добуш бергенин билдирген. Бул шайлоочулардын 5,75% түзөт. Бишкекте 17 569 (4,12%), Ошто 14 868 (9,74%), Токмокто 3 069 (8,06%) шайлоочу добуш берген.
Расмий маалымат боюнча, үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 шайлоочу киргизилген. Бишкек шаарында 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу.