Саат 10:00гө карата 35 506 шайлоочу добуш берди. Бул шайлоочулардын 5,75% түзөт.
Бишкекте 17 569 (4,12%), Ошто 14 868 (9,74%), Токмокто 3 069 (8,06%) шайлоочу добуш берди.
БШК кабарлагандай, үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 шайлоочу киргизилген. Бишкек шаарында 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу.
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтүп жатат. Бишкекте 18, Ошто 8 жана Токмокто 6 партия катышууда.
Бишкектеги шайлоо участоктору саат 8:00дон тарта иштеп атат.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кабарлагандай, үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 шайлоочу киргизилди. Бишкек шаарында 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу.
Ош шаарында №5307 шайлоо тилкесинде шайлоочулардын бири бюллетенди тытып жиберди. Бул тууралуу “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы билдирди. Бюллетенди тытып салган шайлоочу муну өзү каалабаган партияны белгилеп алганы менен түшүндүрдү.
№5307 шайлоо участкасынын төрайымы Гүлбара Алдыракова бул окуя боюнча акт түзүлүп, тытылган бюллетень жараксыз деп табылганын айтты.
11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат.