Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32
Жогорку соттун алдына митингге чыккандар. 1-сентябрь.
Жогорку соттун алдына митингге чыккандар. 1-сентябрь.

Жогорку сот «Кыргызстандын» пайдасына чечим чыгарды

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган. Боршайкомдун арызын кароо боюнча сот жараяны 1-сентябрда саат 16:00дө башталды.

19:28 27.8.2020

"Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Талант Мамытов сот БШКнын чечими жокко чыкканын журналисттерге билдирди. Мамытов сот "мыйзамга туура келген жана адилеттүү чечим" чыгарганын айтты.

19:29 27.8.2020

Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган арызын канааттандырды.

27-августта ишти судья Чолпон Досмамбетова карап, ушундай чечим чыгарды.

Алгач ачык башталган отурумда чечимди угузууга журналисттер киргизилген жок.

Отурумдан соң кабарчылардын суроолоруна партиянын өкүлү Талант Мамытов жооп берип, "БШКнын чечими жараксыз деп табылды. Биз эми шайлоого катышабыз", - деди.

19:36 27.8.2020

"Ата Мекен" партиясынан шайлоого аттанган Тилек Токтогазиев соттун чечими мыйзамсыз экенин айтып, нааразыларды БШКнын алдына мөөнөтсүз митингге чыгууга чакырды.

20:28 27.8.2020

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Кыргызстан" партиясына карата Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге макул эмес.

Мекеменин төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, партиянын арызын четке кагуу үчүн сотто негиздүү далилдер бар болчу. БШК коллегиялык орган болгондуктан, мүчөлөрү кеңешип жогорку инстанцияга кайрылуу маселесин талкуулашат.

Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы жазган арызын канааттандырды. 27-августта ишти судья Чолпон Досмамбетова карады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG