Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:07
Жогорку соттун алдына митингге чыккандар. 1-сентябрь.
Жогорку соттун алдына митингге чыккандар. 1-сентябрь.

Жогорку сот «Кыргызстандын» пайдасына чечим чыгарды

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган. Боршайкомдун арызын кароо боюнча сот жараяны 1-сентябрда саат 16:00дө башталды.

16:48 27.8.2020

"Кыргызстан" партиясынын өкүлү Талант Мамытов сот залынан чыкты. Ал судьялар кеңешүүгө кеткенин билдирди. Сотто партия эмне себептен кеч калгандыгы тууралуу жүйө келтирилгенин, сот аны эске аларына үмүт артып турганын кошумчалады. Журналда башка партиялардын деле келген саат оңдолуп жатканын, бирок ага ЖМК өкүлдөрү көңүл бурбай жатканын айтты.

16:36 27.8.2020

16:14 27.8.2020

БШКнын өкүлү Кубат Үмөталиев партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ордуна башка адамды дайындоо боюнча эки башка ишеним кат берилгенин билдирди. Анын айтымында, 'Кыргызстандын" өкүлдөрү бүгүн сотко башка ишеним кат, ал эми 25-августта БШКнын мүчөлөрүнө башка ишеним кат берген.

БШК өкүлү бул жагдайды эске алууну судьядан суранды.

16:07 27.8.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG