Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:13
Жогорку соттун алдына митингге чыккандар. 1-сентябрь.
Жогорку соттун алдына митингге чыккандар. 1-сентябрь.

Жогорку сот «Кыргызстандын» пайдасына чечим чыгарды

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган. Боршайкомдун арызын кароо боюнча сот жараяны 1-сентябрда саат 16:00дө башталды.

16:03 27.8.2020

16:01 27.8.2020

Сотто Талант Мамытов БШКнын каттоо дептеринде башка партиялардын документ тапшырган жазуулары ондолгонун айтып чыкты. Мисал катары Социал демократтар партиясын келтирди жана башка партиялар да 17.58-17.59да берилгенин билдирди.

Мамытов БШК шайлоодогу атаандаш партиялардын басымынан улам ушундай чечим кабыл алды деген пикирин айтты.

16:00 27.8.2020

Териштирүү жүрүшүндө "Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү соттун эскертүүсүнөн кийин БШКга өз партиясын шайлоого катышуу үчүн документтерди кабыл алууну милдеттендирүү талабынан баш тартты. Бирок БШКнын 25-августтагы чечимин жокко чыгаруу деген талап калды.

15:38 27.8.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG