Бишкектин административдик сотунун алдында өтүп жаткан митинг.
Соттун алдында келген "Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү да кыйкыра башташты. Чогулгандар арасында коопсуздуктан улам эреже сактагандар байкалган жок.
БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.
«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган. Боршайкомдун арызын кароо боюнча сот жараяны 1-сентябрда саат 16:00дө башталды.