Равшан Жээнбеков: Садыр Жээнбеков сөз эркиндигин, атаандаштарын, чогулуш эркиндигин басмырласа, андан чочулай башташ керек.
Руслан Акматбек: Менин митингге чыгуу укугум бар да. Садыр Жапаров өткөндө "митингге чыккандарга үйрөтүп коебуз" деп айтты.
Алмамбет Шыкмаматов: Бизде Сингапурду мисал келтиргенди жакшы көрүшөт. Бирок Сингапур накта авторитардык мамлекет.
Сөз эркиндиги, күчтүү жарандык коом, күчтүү оппозиция, күчтүү саясий институт болсо бийликтен коркпой эле койгулачы. Биз да азыр ошондой болсун деп мушташып жүрөбүз.
Равшан Жээнбеков: Жарандык коомду куугунтуктабаган команда көбүрөөк болсо, проблема жаралбайт.
Президенттикке талапкер Курсан Асанов 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктаган референдумдун жыйынтыгы менен макул эмес экенин билдирди.
Ал шайлоодон кийин социалдык тармактардагы баракчасында түз ободо добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы тууралуу комментарий берди. Асанов добуш берүүнүн натыйжасы бурмаланган деп эсептейт.
"Санын айта албайм, бирок жок дегенде Ош шаарынан көп добуш алышыбыз керек эле. Ал жерде болгону 309 добуш дейт. Кайсы бир жеринде эки добуш дейт. Андай болбойт. Ошондой эле Чүй облусунан, Бишкек шаарынан дагы атайлап бурмалоо, кээ бир талапкерлердин атайлап деңгээлин түшүрүү. Ошондуктан, мен шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмесмин. Көптөгөн мыйзам бузуулар болуп жатат. Мен мурда да айтып келгем. Азыр да чындык үчүн мыйзамдүү түрдө сөзсүз күрөшөбүз. Баары мыйзамдын негизинде болот".
10-январдагы кезексиз шайлоонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң андан утуп чыккан адам ишке кирише алат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова басма сөз жыйынында билдирди.
«Расмий жыйынтык добуштар кол менен саналып, бардык арыздар жана талаштуу маселелер сотто каралып бүткөндөн кийин, бир ай аралыгында чыгарылат».
Шайлдабекова ошол эле учурда бул кезексиз шайлоо болгонуна байланыштуу добуштарды эсептөө мөөнөтү да кыскарарын эскертти.