Руслан Акматбек: Элдин шайлоого аз келгени бийликке болгон ишенимдин кеткени. Мен мисалы добушумду кичи мекениме барып келдим. Каттоо маселесинен улам. Мындай кемчиликтерди жойгондо балким катышкандар көп болмок.
Максат Мамытканов: Биздин 300 миңден ашуун жараныбыз биометрикадан өтө элек. 2 млн. адамыбыз шайлоого катышпайт экен.
Садыр Жапаров: Мага ар бир кыргызстандык коррупция менен күрөшүүгө жардам бериңиздер. Мурдагы бийликтин катасын кайталабайбыз. Өкмөттүн эшиги эл үчүн ачык. Саясий куугунтукка жол бербейбиз. Эски бюрократ саясатчылардан тазаланышыбыз керек.
Кыргызстанды оңдойлу. Элдин жашоосун жакшыртам деп өтө чоң жоготууга учурадым. Эгер ал кыялыман четтесем, мени атамдын, апамдын, баламдын арбактары кечирбейт.
Коррупционерлердин башы компьютердей иштейт экен. Алар менен күрөшүү оор экен. Ушул коррупционерлердин айынан элибиз чет жакка чыгып кетти.
Президенттикке аттанган атаандаштарыма да чын дилимен ыраазычылык билдирем. Алар мекен үчүн кызмат кылайын деген чоң саясатчылар. Биз алардын тажрыйбасын колдонууга тийишпиз.
Менин жүрөгүмдө ташбоордук жок. Менде Кыргызстанды кубаттуу мамлекетке айландырсам деген тилек бар.
Руслан Акматбек: Садыр Жапаровдун убадалары жакшы. Бирок үгүт учурунда болгон иш-аракеттер ага карама-каршы келгени күмөн санатат. Мына ЭлТР "Азаттык" менен келишимди токтотту. Мунун баары сөз эркиндигине коркунуч жаратпайт деп айтуу кыйын.
Алмамбет Шыкмаматов: Садырдын ордуна Мадумаров же Сегизбаев келгенде сындап аткардар эмне дейт эле? Аларга да кине табышмак. Биз азыр улут катары биригип, консолидация бололу. Жээнбековго үч жыл бердик, Атамбаевге да үч-төрт жылга чейин эч ким унчуккан эмес. Садыр Жапаровго да убакыт бериш керек.