Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга шайлоочулардын 38,70% катышты. Бул эсеп саат 21:50гө карата чыгарылганын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Добуш берүүгө акылуу кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.
Автоматтык санактагы жыйынтыгы саат 22:00гө карата төмөнкүчө эсептелди:
Садыр Жапаров - 79,24%;
Адахан Мадумаров - 6,71%;
Бабыржан Төлбаев - 2,35%;
Мыктыбек Арстанбек - 1.67%;
Абдил Сегизбаев - 1.46%;
Имамидин Ташов - 1.19%;
Клара Сооронкулова - 0.99%;
Аймен Касенов - 0.91%;
Улукбек Кочкоров - 0.68%;
Канатбек Исаев - 0.58%;
Бактыбек Калмаматов - 0.50%;
Курсан Асанов - 0.50%;
Элдар Абакиров - 0.50%;
Равшан Жээнбеков - 0.19%;
Каныбек Иманалиев - 0.18%;
Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%;
Арстанбек Абдылдаев - 0.08%;
Баарына каршы - 1,34%.
Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумдун автоматтык санактагы жыйынтыгы төмөнкүчө:
-Президенттик башкарууну колдогондор - 81,27% ;
-Парламенттик башкарууну жактагандар 10,82%;
- Экөөнө тең каршылар - 4,42%.
Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Шайлдабекованын айтымында, электрондук үкөктөгү добуштардын 96% көбү саналды. Кошумча кол менен санай турган бюллетендер да бар.
Президенттикке талапкер Элдар Абакиров 10-январда болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгы мыйзам чегинде болсо тааный турганын “Азаттыкка” билдирди.
“Коомдун азыркы абалы, жакырчылык, пандемия, экономикалык каатчылык, күзүндөгү Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгынын баары азыркы шайлоого түздөн түз таасир этти. Албетте, майда-чүйдө мыйзам бузуулар болушу мүмкүн. Бирок, аны эми БШК териштирет деген ойдобуз. Эми бийликке келген күчтөр өлкөдөгү абалды оңдой турган чыныгы күрөш алдыда”.
Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары чыгууда.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.
Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 22:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду. Элдар Абакиров алган добуш алдын ала 0.50% деп эсептелүүдө.
Ишкер, экономикалык эксперт Данияр Аманалиев 10-январдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгынан эл кереметти күтүп жатканын айтты.
“Тилекке каршы, эл өзүнө жоопкерчилик албай, сырттан бир кереметти, сыйкырчыны күтөт. Ушул үмүттөн улам убаданы көп берген талапкер жеңишке жетишти. Ал берген убадаларынын баарын аткара алабы? Карыздар өстү, эми эл аралык чөйрөдөн, сырттан акча тартуу кыйын. Бул үчүн мыкты дипломатия керек. Бирок жаңы бийликтин буга дарамети жетеби, белгисиз”, - деди Аманалиев.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда. Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда.
Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.