Шайлоодо көзү азиз жарандар үчүн даярдалган добуш берүү бюллетендери талапка жооп бербейт. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Көзү азиздер федерациясы» уюмунун жетекчиси Гүлназ Жүзбаева билдирди:
«Көзү көрбөгөн адам кагаздагы жазуу каерден башталып, каерде бүтөрүн билбейт. Талапкерлердин аты-жөнү Брайл шрифтинде окуганга ыңгайсыз басылган».
Жүзбаева Бишкектеги №1133, №1134 шайлоо тилкелеринде өзү буга күбө болгонун айтып, муну көзү азиздердин добуш берүү укугун бузуу катары сыпаттады. Далил катары бюллетендерди видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялады.
Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Кыштак (Лөлү маале деген ат менен белгилүү) айылында жайгашкан №5221 шайлоо участогунда 40% ашуун шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу шайлоо участогунун төрагасы Төлөн Кадыров билдирди.
Анын айтымында мыйзам бузуу катталган жок жана эл мурунку шайлоодо кандай жигердүү болсо, бүгүн да ошондой катышууда.
«Айылдагы тизмеде 1889 шайлоочубуз бар. Ушул учурга чейин 800дөн ашуун шайлоочу добуш берип кетти. Аппараттар бузулбай иштеп жатат», - деди Кадыров.
«Азаттыктын» кабарчысы ар бир шайлоочуга беткап таратылып, колдоруна антисептик чачылганы менен, добуш берүүчү имаратта аралык сакталган жок деп билдирди.
Ош облусу Кыргызстандагы шайлоочусу эң көп катталган аймак деп саналат жана алардын саны 722 миңден ашуун. Облус аймагындагы райондордун ичинен сап башында Кара-Суу району турат. Анда 243 миңден ашуун шайлоочу бар.