Сыртпай Мусаев: 120 депутат парламенттик башкаруунун быт-чытын чыгарып салганы үчүн элибиз президенттикке ыктап турат.
Адил Турдукулов: Элдин бийликтин бардык бутактарына ишеними өлгөн. Азыр шайлоого келбей жатканы да ошондон.
Сыртпай Мусаев: Биздин трагедиябыз ушунда. Өзүнүн оюнан башканы туура деп эсептебейт.
Бишкек убактысы менен саат 18:00гө карата кезексиз президенттик шайлоого шайлоочулардын 33,13% (1 180 515 адам) катышты. Ал эми башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш бергендер 33,08% (1 178 656 адам) түздү.
Президенттик шайлоону «өттү» деп жарыялаш үчүн пайыздык чек каралган эмес. Жыйынтык шайлоочулардын канча пайызы катышса, ошого жараша чыгарылат. Добуш бергендердин жарымынан көбүнүн колдоосуна ээ болгон талапкер утат.
«Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын 56-беренесине ылайык, талапкерлердин бири да шайлоочулардын эң көп добушун ала албаса, анда БШК шайлоочулардын салыштырмалуу кыйла көп добушуна ээ болгон эки талапкердин ортосунда кайра добуш берүү (2-тур) дайындайт.
БШК шайлоо өткөндөн 20 күндөн кечиктирбестен, шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого тийиш.
Ал эми референдумду «өттү» деп жарыялаш үчүн шайлоочулардын 30% көбү добуш бериши керек.
Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.