10-январдагы шайлоону уюштурууда административдик ресурсту колдонуу боюнча 32 арыз катталды. Анын үчөө териштирилип жатат, калганында факт аныкталган жок. Бул тууралуу саат 16:00дө уюштурулган маалымат жыйынында ички иштер министринин орунбасары Октябрь Урмамбетов билдирди.
Ошондой эле добуш сатуу боюнча 13, шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу боюнча бир даттануу түшкөн.
5-январда «Жалпы иш» коомдук фонду президенттикке ат салышып жаткан айрым талапкерлер мыйзам бузганын, 53 факты бар экенин билдирген. Анын 31и административдик ресурсту колдонууга, 15и добуштарды сатып алууга жана жетөө басым көрсөтүүгө байланыштуу. Арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынан координациялык тобуна жөнөтүлүп, күч органдары териштире баштаган.
Бүгүн Кыргызстанда президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.
Орусиянын Түштүк Сахалин аймагындагы консулдук бөлүмдө ачылган шайлоо участогу Бишкек убактысы боюнча 10-январда, саат 3:00тө ачылган. Алгачкылардан болуп ишин баштаган бул шайлоо тилкеси ишин да биринчилерден болуп жыйынтыктады. Андан тышкары Владивосток шаарындагы шайлоо участогунда да добуш берүү аяктады. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Азиз Мадмаров брифингде билдирди.
Анын сөзүнө караганда Бишкек убактысы боюнча саат 15:00кө карата чет өлкөлөрдөгү 5 124 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы чет жактарда катталган шайлоочулардын 10% түзөт.
Түштүк Сахалиндеги шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Интернетке жайгаштырган маалыматка ылайык, аралчадагы шайлоо тилкесинде каттоого алынган 851 шайлоочунун 459у добуш берүүгө катышкан. Алардын ичинен 345 адам Садыр Жапаровго, 100 адам Адахан Мадумаровго добуш берген. Айрым талапкерлер 2-3-4төн добуш алгандары бар, көпчүлүгү бир да добуш алышкан эмес.
Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча бул маалыматты расмий тастыктай элек.
Орусияда Түштүк Сахалинден тышкары Москва, Санкт-Петербург, Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург, Якутск, Сургут шаарларында шайлоо тилкелери бар.
Орусияда акыркы маалыматтар боюнча 600 миңдей кыргызстандык миграцияда, шайлоо тизмесине катталгандар мунун 10% да түзбөй турганын Орусиядагы кыргызстандык активисттер маалымдап келишет.
Мындан тышкары Жапонияда, Түштүк Кореяда, Кытайда, Малайзияда, Индияда, Пакистанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Азербайжанда, Бириккен Араб Эмираттарында, Түркияда, Германияда, Украинада, Астрияда, Италияда, Францияда, Улуу Британияда жана АКШда да шайлоо тилкелери бар.