Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Жапаров: Мыйзамдын диктатурасын орнотобуз

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров - 6,60%, Бабыржан Төлбаев - 2,31%, Мыктыбек Арстанбек - 1.66%, Абдил Сегизбаев - 1.46%, Имамидин Ташов - 1.19%, Клара Сооронкулова - 0.98%, Аймен Касенов - 0.91%, Улукбек Кочкоров - 0.69%, Канатбек Исаев - 0.57%, Бактыбек Калмаматов - 0.50%, Курсан Асанов - 0.50%, Элдар Абакиров - 0.50%, Равшан Жээнбеков - 0.19%, Каныбек Иманалиев - 0.16%, Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%, Арстанбек Абдылдаев - 0.08%. Баарына каршы - 1,32%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор - 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.

3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

10:38 10.1.2021

10:39 10.1.2021

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров бул тууралуу бүгүн, 10-январда добуш берүү үчүн келген учурда өзүнө карата айтылып жаткан сын-пикирлер тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди:

"Мага башка эч нерсе таба албай, ойлоп тапкан фантазиялары ушул болуп жатат. Мени "жер саткан", "жеп-ичип койду" деген сыяктуу айыптоолорду тага албай, анан "Кытайдын шпиону", "Кытайдын жаранынын досу" деген сыяктуу чындыкка дал келбеген макамдарды байлап жатышат. Бирок эл мындай калптарга ишенбейт, азыр колуңардагы смартфон аркылуу бардык маалыматтарды таап алса болот. Мурункудай КТР же башка мамлекеттик телеканалдар аркылуу бир адамды жаманатты кылуу мүмкүн эмес. Жакын арада, буйруса президент, өкмөт, депутаттар эл үчүн кандай иштеши керек экенин көрсөтөбүз".




Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Бишкектеги №1053 шайлоо участогунан добуш берди.

Садыр Жапаровду 6-октябрга караган түндө тарапкерлери абактан бошотуп алышкан. 16-октябрь күнү өкмөт башчы болуп дайындалып, 17-октябрь күнү президенттин милдетин аткарууну колуна алган.

10:42 10.1.2021

10:50 10.1.2021

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 10-январь күнкү референдумда президенттик башкаруу тутумун тандап добуш бергенин журналисттерге айтты.

Анын добуш берүүгө байланыштуу кыска комментарийи жазылган видеону reporter.kg порталы жарыялады.

Бишкектеги №5 мектептин имаратындагы добуш берүү тилкесине жансакчылардын коштоосуна келген Жээнбеков референдум жана президенттик шайлоого байланыштуу кеңири комментарий берген жок.

62 жаштагы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп алты жылдык мөөнөткө 2017-жылдын ноябрь айында шайланган. 2020-жылдын октябрында, парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктардан кийин кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырып берүүгө мажбур болгон.

Бүгүн Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG