Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:31

Жапаров: Мыйзамдын диктатурасын орнотобуз

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров - 6,60%, Бабыржан Төлбаев - 2,31%, Мыктыбек Арстанбек - 1.66%, Абдил Сегизбаев - 1.46%, Имамидин Ташов - 1.19%, Клара Сооронкулова - 0.98%, Аймен Касенов - 0.91%, Улукбек Кочкоров - 0.69%, Канатбек Исаев - 0.57%, Бактыбек Калмаматов - 0.50%, Курсан Асанов - 0.50%, Элдар Абакиров - 0.50%, Равшан Жээнбеков - 0.19%, Каныбек Иманалиев - 0.16%, Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%, Арстанбек Абдылдаев - 0.08%. Баарына каршы - 1,32%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор - 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.

3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

22:43 10.1.2021

22:38 10.1.2021

Президенттикке талапкер Клара Сооронкулова 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктаган референдум тууралуу "Азаттыкка" комментарий берди. Анын айтымында, шайлоонун жыйынтыгын таануу же четке кагуу маселесине келгенде эки тараптуу караш керек.

"Укуктук жактан алганда шайлоонун жыйынтыгы таанылбашы керек. Анткени, шайлоодо жеңип чыккан талапкер Садыр Жапаров өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп, катталып жатканда да бир топ мыйзам бузуу болду. Болгондо да Конституция бузулду. Моралдык жагынан алганда, шайлоого катышкан жарандардын тандоосуна карай турган болсок, анда бул жерде демократиянын негизги принциби - азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Аны тааныш керек. Эки жагы бар деп айтсам болот".

Клара Сооронкулова бул шайлоого шайлоочулардын аз бөлүгү катышканы кооптондурат деген ойдо.

"Башка президенттик шайлоолорго салыштырмалуу бул ирет өтө эле аз адам катышты. Шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгү гана. Бул дагы бир чоң кооптоно турган көрсөткүч. Демек, 3,5 миллион шайлоочунун үчтөн экиси шайлоого ишенбейт жана катышкысы келбейт. Өнүккөн демократиялык мамлекеттерде шайлоочулардын 50% катышпаса, шайлоо жараксыз деп табылат. Бирок, бизде андай талап жок. Ошол себептүү канча шайлоочу келбесин шайлоонун жыйынтыгы чыга берет. Бирок, биз бара-бара ушуга келишибиз керек. Кандай болгондо да мамлекет башчысы боло турган адамды шайлоочулардын 50% көбү шайлаш керек. Ошондо толук легитимдүүлүк тууралуу сөз кылсак болот", - деди Клара Сооронкулова.

22:35 10.1.2021

22:33 10.1.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG