Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:33

Жапаров: Мыйзамдын диктатурасын орнотобуз

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров - 6,60%, Бабыржан Төлбаев - 2,31%, Мыктыбек Арстанбек - 1.66%, Абдил Сегизбаев - 1.46%, Имамидин Ташов - 1.19%, Клара Сооронкулова - 0.98%, Аймен Касенов - 0.91%, Улукбек Кочкоров - 0.69%, Канатбек Исаев - 0.57%, Бактыбек Калмаматов - 0.50%, Курсан Асанов - 0.50%, Элдар Абакиров - 0.50%, Равшан Жээнбеков - 0.19%, Каныбек Иманалиев - 0.16%, Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%, Арстанбек Абдылдаев - 0.08%. Баарына каршы - 1,32%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор - 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.

3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

21:01 10.1.2021

20:55 10.1.2021

20:29 10.1.2021

Президенттик шайлоо жана референдумда Түштүк Сахалиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу социалдык тармактарда тараган чектердин бири жасалма болуп чыкты.

Бул тууралуу Мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топтун жана БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров 10-январда саат 19.30да карата өткөн маалымат жыйында билдирди.

"Азыр тактап чыктык. Бир чектин жасалма экени аныкталды. Түштүк Сахалин жана Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөштүк. Протокол түзүлүп, бул жакка жиберилет. Жапаровго 345, Мадумаровго 100 деген биринчи чек туура деп табылды", - деди Шайназаров.

Буга чейин соцтармактарда Орусиянын Түштүк Сахалин шаарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу чектердин сүрөттөрү тараган. Анын биринде талапкер Садыр Жапаров 345, Адахан Мадумаров 100 добуш алганы көрсөтүлгөн. Интернетте тараган дагы бир ушуга окшош чекте тескерисинче Жапаров 100, Мадумаров 345 добуш алганы жазылган.

Буга чейинки сааттарга карата өткөн маалымат жыйында журналисттер ыкчам топко бул чектерге байланыштуу суроо берип, Шайназаров ал иликтене турганын билдирген.

20:28 10.1.2021

Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыялана баштады. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы эсепке ылайык, Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда.

Электрондук үкөктүн автоматтык эсептөөсүнө ылайык саат 20:15теги маалыматка караганда аны шайлоочулардын 75% көбүрөөгү колдоду. Андан кийин Адахан Мадумаров 6,35%) менен Бабыржан Төлбаев (2,03%) келатат .

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумду "президенттик башкарууну" колдогондор көп - 80% тегерегинде.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Добуштар кол менен да эсептелинет.

Президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берчү кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Саат 18:00гө карата алардын 33% көбү катышты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG