Жогорку Кеңешке шайлоого көз салган Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочулары 29-ноябрда маалымат жыйынын өткөрдү. Алар шайлоого элдин кызыгуусу жоголгону байкалганын билдиришти.
Бирок ага карабай бийлик шайлоочулардын добуш берүү укугун чектебөөгө тийиш экенин эскертишти. ЕККУнун байкоочулары электрондук системадагы мүчүлүштүк тууралуу кенен маалымат берилиши керектигин айтышты. Эл аралык байкоочулар Кыргызстанда демократияны бекемдеп, шайлоо өнөктүктөрүн демократиялык принциптерге дал келгидей уюштуруу зарыл экенин белгилешти.
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоодо добушун абактагы саясатчы Равшан Жээнбековго бергенин ырастады. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Социалдык тармактарга Жапаровдун добуш берип жаткандагы сүрөтү тарап, анда бюллетенде Равшан Жээнбековго добуш берилгени көрүнүп калган. Президент бирдиктүү округ боюнча кайсы партияны колдогону сүрөттө көрүнгөн эмес.
Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып камакка алынган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков бир мандаттуу округдан (Бишкектин №26 Ленин шайлоо округу) талапкер болуп катталган. Сот анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызын канааттандырган эмес жана ал үгүт иштерине катыша алган жок.
ЕККУ байкоочулары жалпы 3,6 млн. шайлоочунун болгону 28% гана добуш бергенин шайлоого элдин кызыгуусу жоголгону менен байланыштырган.
"Бул шайлоо былтыркы президенттик башкарууга жана башка саясий өзгөрүүлөргө алып келген жокко чыгарылган шайлоодон кийинки процесс катары каралышы керек. Жаңы Конституция бийликтеги тең салмакты өзгөртүп, парламенттин алсызданышына алып келди. Кечээ добуш берүүнүн солгун болушу - коомчулукта мамлекеттик институттарга ишеним кете баштаганын көрсөтүп турат", - деди Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын делегация башчысы Марина Берлингьери.