Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:49

Шайлоо: добуштар кол менен саналууда

29-ноябрда түнкү саат 2деги БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 5% босогодон алты партия өттү.

Алар: “Ата-Журт Кыргызстан” – 16,41%, “Ишеним” – 13,17%, “Ынтымак” – 10,62%, “Альянс” – 8,06%, “Бүтүн Кыргызстан” – 6,58%, “Ыйман Нуру”партиясы – 5,93% добуш алды.

Келген шайлоочулардын 2,11% же 26927 жаран “баарына каршы” деген добуш берген.

Парламенттик шайлоого 1 миллион 275 239 жаран келди. Бул шайлоого укуктуу жарандардын 34,43% түзөт.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, талапкер болууга дегенде 381 жаран арыз берип, алардын 330у катталган. Кийинчерээк 47си өз арызы менен, экөө БШКнын чечими менен талапкерликтен чыгарылган.

Ошондой эле 21 партиянын тизмесинде 1004 талапкер депутаттык мандат үчүн күрөштү.

Кыргызстандагы жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет 90 депутатка мандат берилет. Партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Бул жолу шайлоочулар эки бюллетень менен добуш берди.

18:07 29.11.2021

Бакыт Рыспаев

Бир жыл мурун Түркияда далай шайлоону башынан кечирген эки адам менен сүйлөшүп отуруп, Кыргызстандагы шайлоо процесси тууралуу сурап калышты. Мен болсо, “Бизде АСУ деген бар. Добуш берүү бүтөрү менен, 15-20 мүнөттүн ичинде жыйынтыкты эл телевизорунан көрөт” деп жетине албай мактанып жатам. (Ага чейин, Түркияда бүгүнкү күнгө чейин ар бир добушту колго санашарын уккам да). Алар болсо мага таңыркай карап, “Силердин эл ошол АСУга эле ишене беришеби?” деп жылмайып коюшту.

Кайра ойлоп коём ичимден, Түркия бизге караганда шайлоо тажрыйбасы, саясий партиялардын калыптанышы жана мамлекеттин экономикалык абалы алда канча жогору болсо да, эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин добуштарды колго санашат деп. Эгер каалашса, эң акыркы үлгүдөгү аппараттар менен жабдып коюшат эле да. Көрсө, түрк туугандардын билгени бар тура!?

18:13 29.11.2021

Бакытбек Абдуллаев:

Шайлоо босогосун 5% эмес, 3% кылганда азыр бийликтин башы оорумак эмес! Мыйзамды кабыл алып жатканда акыл калчаш керек эле...

18:46 29.11.2021

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Ала Тоо-24" телеканалында маек берип жатып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгаруудагы Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде болгон мүчүлүштүктү түшүндүрдү.

"Бүгүн президент чогултуп эмне болдуңар, ушунча таза келатып эмне болуп кеттиңер деди. Адистер түшүндүрүп берди. Урналардан келген жыйынтыкты мониторго чыгарууда элге түшүнүктүү болсун үчүн бир саптарды киргизебиз деп жатканда токтоп калыптыр. Утулуп калгандар добуштар бурмаланып, эки эсе көбөйүп барып, кайра эки эсе түшүп калды деп жатпайбы. Чынында эле ошондой болгон экен. БШКнын адистери аны танган жок, чын эле ошондой болду деп жатат. Жанагы эки саптагы санды кошкондо эки эсе көбөйүп кетиптир. Анан ал мүчүлүштүктү жойгондо ордуна келиптир”.

19:12 29.11.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG