"Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан журналист Али Токтакунов добуш кагаздарын кол менен эсептөөнүн жыйынтыгына ишенбестигин "Азаттыкка" билдирди.
"Кол санак деп атышат. Көз карандысыз байкоочулардын баарын добушканадан чыгарып салып, каалагандай эсептеп атышса, кол санак кантип акыйкат болот? Мына, Баткендеги байкоочуларга жыйынтыкты үч күндөн кийин аласыңар дептир, үч күн ичинде кандай гана бурмалоолорду жасаса болот. Демек, кол санакка да ишенич жок. Ошол үчүн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы керек".
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев: 90 күндүк өнөктүк учурунда эбегейсиз өнөктүк жүргүздүк. Добуш берүү жараяны ачык-айкын, жакшы өттү. Шайлоочулардын добуш берүүгө аз келгени - быйылкы шайлоолордун көп болгонуна, ошол эле учурда административдик басым болбогонунун жыйынтыгы. Элди ташып келүү болгон жок. Бирок автоматтык эсептөө системасындагы мүчүлүштүк шайлоо жараянына көө жаап койду. БШКнын мүчөсү катары мага бийликтен эч кандай басым-кысым болгон жок. Талапкерлерди четтетүүдө да мыйзам боюнча гана иштедик.