Бир мандаттуу №20 Манас шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин койгон Мирлан Назарбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. Назарбеков шайлоо жапырт добуш сатып алуу, одоно мыйзам бузуу менен өткөнүн айтууда.
Ал эми Оштогу бир мандаттуу №8 Төлөйкөн шайлоо округунан шайлоого катышкан Шайлообек Атазов округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сотко кайрыларын Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы жекшембидеги шайлоодо 126 мыйзам бузуу фактысы катталганын кабарлады. Маалыматка караганда, арыздардын көбү добуш берүү тартибин бузууга байланыштуу (38) түшкөн.
Мындан сырткары ички иштер органдарына 36 кайрылуу үгүткө, добуш сатып алууга байланыштуу 21, шайлоочуларды ташып келүүгө байланыштуу 19 арыз-даттануу келген. Добуштарды сатып алуу боюнча эки факты Чүй облусунда катталып, учурда тергелип жатат. Мындан сырткары жоруктар, административдик ресурс, бейбаштык фактылары боюнча дагы жарандардын кайрылуусу бар. Алардын бардыгы жеринде териштирилип жатканы ИИМ тараткан маалыматта белгиленген.
Мыктыбек Арстанбек: Кыргызча котормосун таппай жатам. "Наглый жалган" бул. Биз деле компьютер менен иштейбиз. Булар мурда эле пландаштырып, киргизип койгон. Анан добуштарды көргөндө киргизип коюшту. Өздөрүнүкүн алып өтөбүз дешти. Элдин добушун жокко чыгаруу. Эл ансыз деле аз катышты да. Ошол жүрөгү менен добуш бергендердин ишенимин өчүрдү да. Булар парламентке ушундай партиялардын келишинен коркту. Партиялар өлүп-талып араң алган добуштарын жоготобу? Күрөшөт.