"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Асылкан Мамашулу Алматыда ачылган добушканага барган. Бул шаарда добуш бере турган 4590дой кыргыз жараны болсо, анын ичинен 250дой гана адам гана добуш берүүгө келген. Анын элүүгө жакыны аскер адамдары экенин айтты. Консулдук шайлоого катышуу эмнеге солгун экенин айткан эмес.
Кыргызстанда бир мандаттуу округдардан эң көп талапкер Жети-Өгүз районунан чыккан. Ысык-Көлдө жүргөн "Азаттык" радиосунун кабарчысынын билдиришинче, жергиликтүү тургундар эл арасында айыл-айылга болуп тымызын тирешүү жүрүп жатканын, ошол эле маалда "шайлоодон көрө тирлигимди кылайын" деген адамдар да барын айтты.
"Сүрөткө мени менен түшүп, бул жерде эмне кылып жүргөнүмдү түшүнбөй жатышат". Мамдуманын депутаты жана мурдагы КВНчи Сангаджи Тарбаев Кыргызстандагы шайлоого байкоочу болуу үчүн келген.