Орусиянын Иркутск шаарында "Ата-Журт" партиясы 117 добуш алды, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы 83 добуш алып экинчи орунда.
28-ноябрь, саат 18:00гө карата добуш бергендердин саны 28,36% болду. Ал эми бир мандаттуу округдарда бул көрсөткүч 28,66% болгонун Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Бир мандаттуу округдар боюнча эң активдүү Көк-Жар округу (Ноокат, Ош - 35,08% ) Кочкор округу (33,98%), эң солгуну Аламүдүн округу (21,56%) болууда.
Бирдиктүү округда алдыда Нарын облусу (32.04%) келе жатат, эң пассивдүү Чүй облусу (25.31%).
Бул жолку өнөктүк жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыркы парламенттик шайлоонун ордуна өткөрүлүүдө. Былтыр саат 18:00гө карата элдин шайлоого катышуусу 45,26% болгон.
Чүйдүн Милянфан айылындагы №7129 шайлоо тилкесинде үкөк ачылып, шайлоочулардын кезеги пайда болду. Буга үкөк партиялык бюллетендерди тааныбай, иш убактылуу токтоп, акт түзүлгөнү себеп болду. Бул Милянфандагы чоң добушкана. 1800 шайлоочунун 50% шайлоого катышты.