Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Шайлоо: добуштар кол менен саналууда

29-ноябрда түнкү саат 2деги БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 5% босогодон алты партия өттү.

Алар: “Ата-Журт Кыргызстан” – 16,41%, “Ишеним” – 13,17%, “Ынтымак” – 10,62%, “Альянс” – 8,06%, “Бүтүн Кыргызстан” – 6,58%, “Ыйман Нуру”партиясы – 5,93% добуш алды.

Келген шайлоочулардын 2,11% же 26927 жаран “баарына каршы” деген добуш берген.

Парламенттик шайлоого 1 миллион 275 239 жаран келди. Бул шайлоого укуктуу жарандардын 34,43% түзөт.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, талапкер болууга дегенде 381 жаран арыз берип, алардын 330у катталган. Кийинчерээк 47си өз арызы менен, экөө БШКнын чечими менен талапкерликтен чыгарылган.

Ошондой эле 21 партиянын тизмесинде 1004 талапкер депутаттык мандат үчүн күрөштү.

Кыргызстандагы жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет 90 депутатка мандат берилет. Партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Бул жолу шайлоочулар эки бюллетень менен добуш берди.

16:48 28.11.2021

Нарын облусунда саат 16:00гө карата шайлоочулардын 26,3% добуш бергенин облус бийлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бир мандаттуу округдар боюнча 208 804 шайлоочунун 54 082си, ал эми партиялык тизме менен бирдиктүү округдан катталган 206 505 шайлоочунун 54 276сы добуш берип, 26,3 пайызды түздү.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү бардык шайлоочуларды активдүүлүккө чакырды.

Нарын облусу боюнча добуш берүү. Саат 16:00го карата маалымат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматына караганда, саат 14:00гө карата активдүүлүк Нарын облусунда - 18,9%, эң төмөнкү көрсөткүч Чүй облусунда - 14% байкалган. Кыргызстан боюнча саат 14:00гө чейин шайлоочулардын 16,27% добуш берди.

16:52 28.11.2021

Ысык-Көлдө жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар добуш беришти.

16:57 28.11.2021

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Сахалин облусуна караштуу Тұштүк-Сахалин шаарында ачылган №9013 шайлоо тилкесинде добуш берүү аяктаганын билдирди. Анда 203 адам добуш берди жана мыйзам, эреже-талап бузуу фактылары катталган жок.

Мунун алдында социалдык тармактарда Сахалиндеги добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы тууралуу маалымат чыккан. Анда "Бүтүн Кыргызстан" партиясы 76, "Ишеним" 32, "Ыйман Нуру" 16, "Ынтымак" 16, ал эми "Альянс" 11 добуш алды.


16:58 28.11.2021

Талас шаарындагы "Шанхай" жаңы конушунда шаардык кеңештин депутаттарынын бири акча таратып жатат делген маалымат такталган жок. Бул тууралуу "Азаттыкка " облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Анын алдында Фейсбукта Назар Абдыкадыров аттуу колдонуучу "Дөө" деген каймана ат менен таанымал жергиликтүү кеңештин депутаты "Шанхайда" акча таратып жатканын жазган.

Бул маалымат реестрге катталып, текшерип-иликтөө жүргүзүлгөн. Милиция арызда айтылган шаардык кеңештин депутатынын аты-жөнүн атаган жок. Ошондой эле бул маалыматты жазган социалдык тармактын колдонуучусунун дагы тек-жайы такталбаганын маалымдады.

Аймактык шайлоо комиссиясынын билдиришинче, азырынча добуш берүүдөгү мыйзам бузууларга байланыштуу жазуу түрүндө арыз-даттануу түшө элек. Бирок шайлоочуларды ташыган учурлар тууралуу оозеки кайрылуулар болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG