Кыргызстанда бүгүнкү парламенттик шайлоодо республикалык бирдиктүү шайлоо округунан саат 16:00гө карата добуш бергендердин саны 22,39% болду. Ал эми бир мандаттуу округдарда бул көрсөткүч 22,54% болгонун Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Бул жолку өнөктүк жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыркы парламенттик шайлоонун ордуна өткөрүлүп жатат.
Былтыр саат 16:00гө карата элдин шайлоого катышуусу 36,81% болгон.
Кыргызстан боюнча шайлоого катышкандардын саны. Саат 16:00го карата БШКнын маалыматы
Сахалин аймагындагы добуш берүү аяктады. Жыйынтыктар боюнча "Бүтүн Кыргызстан" партиясы алдыда.
Владивосток аймагы боюнча да добуш берүү аяктады. Жыйынтыгында "Бүтүн Кыргызстан" партиясы көп добуш алган.