Шайлоого катышуунун жигери боюнча...
Бул темада мурда көп эле айтып дагы, жазып дагы жүрдүм эле... Бүгүнкү кырдаалга карата дагы бир жолу өз оюмду айтууну туура көрдүм.
Бүгүн, менин оюм боюнча, катышуу анча жогору болбойт. Анын башкы себеби бийлик тарабынан добушту сатуу-сатып алууга карата катуу чаралардын көрүлүп жатканы жана "административдик ресурс" деп аталган нерсенин колдонулбай тургандыгы.
"Мурда шайлоочулардын 1/3 бөлүгү өз акыл-эси, аң-сезими, ынанымы менен келип добуш берет, 1/3 бөлүгү кайсы бир кызыкчылыктан улам (акча, кызмат же дагы бир конкреттүү кызыкчылык) келип добуш берет, ал эми 1/3 бөлүгү шайлоого келбейт, катышпайт", - деп жазып келгем. Азыркы учурда биз экинчи 1/3 бөлүктү дагы негизинен жоготуп жатабыз, алардын басымдуу көпчүлүгү бүгүн келишпейт.
Ошондуктан бүгүнкү катышуу 32-36 % тегерегинде эле болуп калышы толук ыктымал. Бирок биз буга трагедия катары карабашыбыз зарыл, мындан саясат жасап ар кандай жоромолдорду айтуу дагы натуура, анткени бул шайлоо биринчи жолу ушундай тартипте өтүп жаткан шайлоо, өткөөл шайлоо десек дагы болот.
Келечекти карай биздин жалпы милдетибиз - шайлоочулардын жок дегенде жарымы өз ыктыяры менен, жарандык милдетти, мамлекеттин келечегине жоопкерчиликти сезүү менен келип добуш беришине жетишүү деп ойлойм. Мына ошондой шартта гана коомдун туура өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөт.
Кыргызстанда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо саат 12:00гө карата 338 миң 785 шайлоочу же 9,17% добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, элдин канчасы добуш берсе да шайлоо өттү деп жарыяланат.
БШКнын маалыматына караганда, бир мандаттуу округдар боюнча шайлоочулардын 9,12 % добуш берди.
Шайлоого Баткендин Лейлек, Оштун Көк-Жар, Араван, Ош, Кара-Суу, Жалал-Абаддын Ноокен районунун тургундары активдүү катышууда. Чүйдүн Сокулук, Ысык-Көлдүн Ак-Суу, Бишкектин Октябрь райондорунда көрсөткүч салыштырмалуу төмөн болууда. Чет жактардагы шайлоочулардын 2% жакыны добуш берди.
Ош: Лөлү мааледеги добуш берүү
Шайлоо-2021: Добуш берүү (1-бөлүк)