Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:25

Шайлоо: добуштар кол менен саналууда

29-ноябрда түнкү саат 2деги БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 5% босогодон алты партия өттү.

Алар: “Ата-Журт Кыргызстан” – 16,41%, “Ишеним” – 13,17%, “Ынтымак” – 10,62%, “Альянс” – 8,06%, “Бүтүн Кыргызстан” – 6,58%, “Ыйман Нуру”партиясы – 5,93% добуш алды.

Келген шайлоочулардын 2,11% же 26927 жаран “баарына каршы” деген добуш берген.

Парламенттик шайлоого 1 миллион 275 239 жаран келди. Бул шайлоого укуктуу жарандардын 34,43% түзөт.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, талапкер болууга дегенде 381 жаран арыз берип, алардын 330у катталган. Кийинчерээк 47си өз арызы менен, экөө БШКнын чечими менен талапкерликтен чыгарылган.

Ошондой эле 21 партиянын тизмесинде 1004 талапкер депутаттык мандат үчүн күрөштү.

Кыргызстандагы жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет 90 депутатка мандат берилет. Партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Бул жолу шайлоочулар эки бюллетень менен добуш берди.

10:29 28.11.2021

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жарандардан добушун сатпоону суранды.

Ал 28-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясында уюштурулган түз эфирде сүйлөп, парламенттик шайлоого аттанган талапкерлердин арасында элдин добушун акчага сатып алууну көздөгөндөр бар экенин билдирди. Бирок алар кимдер экенин ачык атаган жок.

10:34 28.11.2021

Кыргызстан коронавирус пандемиясы учурунда бешинчи жолу шайлоо өткөрүүдө. 28-ноябрда жарандар парламент депутаттарын шайлашат.

Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир шайлоо тилкесинде санитардык-гигиеналык талаптар сакталышы керектигин, добушканалар тийиштүү медициналык каражаттар менен камсыздалганын билдирген.

10:43 28.11.2021

Кыргызстанда шайлоо күнү коомдук коопсуздук тыкыр көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Борбордук шайлоо комиссиясында уюштурулган түз эфирде билдирди.

Ал шайлоого катышып жаткан партияларга, талапкерлерге тоскоолдук болбой турганын, мыйзамдуу иштерине көмөк көрсөтүлөрүн айтты жана добуш берүү аяктаганга чейин элге маалымат түз эфирде жеткирилип турарын кошумчалады.

Шайлоо тууралуу фотобаянды бул жерден көрө аласыз.

10:59 28.11.2021

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо да административдик ресурс колдонуларын айтты. Мындай пикирин Бишкектеги шайлоо тилкелеринин биринде добуш берип чыккандан кийин журналисттерге билдирди.

"Эгер бийлик кааласа, шайлоо таза өттү деп дүйнөгө канчалык жар салса да, добуш сатып алуулар болот. Бирок бул ирет элибиздин саясий деңгээли бир аз көтөрүлүп, руханий дүйнөсү байыгансыйт. Көптөгөн нерселерден баш тартып жатышат. Административдик ресурс болуп келди, болуп жатат. Мамлекеттик телеканалдар, маалымат каражаттары аркылуу бир нерсени акырын былгытып коюу - азыркы бийликтин адатына айланып калды", - деди.

Бирок Мадумаров конкреттүү бир фактыга токтолгон жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG