Коопсуздук кеңешинин катчысы, парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол берилбей турганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
29-ноябрга караган түнү Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан Өмүрбек Текебаев, Клара Сооронкулова, Али Токтакунов, Тилек Токтогазиев, Социал-Демократтар партиясынан талапкер Рыскелди Момбеков, “Азаттык” партиясынан Исмаил Исаков, Бактыбек Калмаматов жана “Улуттар Биримдигинен” Мелис Мырзакматов, Артур Медетбеков, Эржан Кайыпов чукул маалымат жыйын өткөрдү.
Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, эмне себептен БШКнын сервери 40 мүнөт иштебей турганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты.
Жыйынга катышкандар бийлик “оппозицияны өткөрбөй коюу үчүн жараксыз бюллетендерди жана “баарына каршы” добуш бергендердин көрсөткүчүн көбөйткөн” деген доомат коюшту.