Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партияларга кайрылды.
Мамлекет башчысы Фейсбукка билдирүү жазып, партияларды бюллетендерди кол менен санап чыгууга чакырды.
"Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча бюллетендер эч жакка жылбаш керек. Эгер чындап эле БШК жасалма кылган болсо, БШКнын бардык мүчөлөрү жоопко тартылышат. Керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо БШКнын мүчөлөрү ачык айткыла. Адамдан коркпогула. Кудайдан корккула!" - деди Жапаров.
Бардык талапкерлерге каршы добуш эң көп берилген участоктордо шайлоо кайра өткөрүлөт. Бул тууралуу 28-ноябрда «Азаттык» радиосунун суроосуна жооп берип жатып Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди:
«Ооба, бизде бир катар участоктордо, тагыраагы, Бишкектеги кээ бир участоктордо “баарына каршы” добуштар эң көп добуш алган талапкердикине караганда көп болду. Шайлоо мыйзамынын 37-беренесинде “Эгерде башка талапкерге караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштары шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынан аз болсо шайлоо болбой калды деп таанылат” деп жазылган. Мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт».
Шайлдабекова кошумчалагандай, кайра шайлоо күнүн БШК бир ай ичинде аныкташы керек болот.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жыйынтыгы мекеменин сайтында онлайн көрсөтүлүп жаткан учурдагы үзгүлтүккө учураганы тууралуу комментарий берди.
28-ноябрда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып Шайлдабекова негизги системада үзгүлтүк болбогонун, эч кандай зыян тийбегенин айтты:
“Системанын эки таблицасын көрө алдыңыздар. Негизги таблицасы ичинде, ал жерде участоктордон келип түшүп жаткан маалыматтар. Сырткы визуалдаштырууга сиздерге ыңгайлуу болушу үчүн сыртына да кыскартылган таблица түзүп бергенбиз. Ошол таблицада 7 деген позиция 7А деген позиция менен кыска мөөнөткө кошулуп калды. Тышкы визуалдаштыруу таблицасындагы формула кичине туура эмес көрсөтүлүп калды. Бирок тышкы таблица системанын бөлүгү эмес. Системаны ыңгайлуу форматта чагылдыруу үчүн гана жайгаштырылган ошол жерге. Бул жерде эч кандай зыян жок”.
Шайлдабекова автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыгы алдын ала гана жыйынтык экенин кошумчалап, ал юридикалык мааниге ээ эмес экени мыйзамда көрсөтүлгөнүн, бирок кол менен эсептөөнүн жыйынтыгынан көп айырма болбосун белгиледи.
"Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдирди.
Мырзакматов Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК), анын төрайымын алмаштыруу керектигин билдирди.