Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков шайлоодо добуш берүүнү камсыздоочу электрондук сервердин ишинде мүчүлүштүк болбогонун журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, добуш берүү аяктаганча эч кандай мүчүлүштүк болгон эмес.
"Президенттин атайын тапшырмасы менен мен сервердин ишине көзөмөл кылууга бекитилдим. Сервер турган жерге сырттан кийлигишүү болгон жок. Эртеден кечке мен өзүм ага көзөмөл кылып турдум. Электрондук системанын үзгүлтүккө учурашы - шайлоонун жыйынтыгына таасир эте албайт. Анткени, бардык добуштар кол менен саналып чыкмайынча, шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыкпайт", - деди Масадыков.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгындагы мүчүлүштүккө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана төрайымы түшүндүрмө бериши керектигин айтты.
Мындай пикирин ал "Азаттыктын" түз эфиринде "Эксперттер талдайт" берүүсүндө билдирди:
"Министрлер кабинетинин буга эч кандай тиешеси жок. Президенттин администрациясы катардагы жарандардай эле экрандан жыйынтыкты көрүп турдук, катардагы жарандардай эле суроолорубуз көп. Түшүнгөн жокпуз".
Байсалов журналисттин "Акыркы жыйынтыктагы өзгөрүүлөр шайлоонун таза өткөнүнө көлөкө түшүрдү деген пикирлерге кандай комментарий бересиз?" деген суроосуна "Албетте, мен буга макулмун" деп жооп берди.
Ошондой эле бул жыйынтыктын артынан жаралган ызы-чууну мамлекеттүүлүккө доо кетирген чагымга теңеп, нааразы болгон партия өкүлдөрүн сабырдуулукка чакырды. Ал жалпы жыйынтык электрондук системанын маалыматы менен эмес, бююллетендер колдо саналып бүткөндө аныкталарын кошумчалады.
Бактыбек Калмаматов: Биз "Азаттык" партиясы өтсөк да бул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылабыз. "Ата Мекен" өтсө да ошону талап кылышы керек. Анткени бул жерде күмөн саноо пайда болду. Эртең мамлекеттин серверлерине хакерлер кирип, талкалап кетсе "саботаж" деп отура беришеби? Биз бул бийликке мамлекеттин коопсуздугун ишенип тапшырууга болбосун көрдүк.
Талкууну толук видеодон көрө аласыз
Баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылган Бишкектин Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нурбек Токтакунов бул округда кайра шайлоо өтүшү керек деп эсептейт. Ал добуш берүү аяктаган соң "Азаттыкка" пикирин билдирип, баарына каршы добуш бергендерге ыраазы экенин айтты.
"Биздин райондо "баарына каршы" деген талапкер утту. Көбү саясатчыларга, талапкерлерге ишенбей калган. Аны дагы түшүнүш керек. Каршы бергендерге дагы ыраазымын, анткени үйдө отурбай добушун беришти. Бул биздин жашоонун чындыгы. Эми кайра шайлоо өтүшү керек. Шайлоо өткөргөндө мурдагы талапкерлер катыша алабы жокпу, ошол ойлондуруп жатат. Мен өзүмө ыраазымын. Үч миңден ашуун добуш алдым", - деди Токтакунов.