Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды автоматтык санаган системасынын баштапкы маалыматтарында бир мандаттуу округдардан жеңишке жеткен талапкерлердин арасында бир да аял жок.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин ичинде 20 аял бар болчу. Ош жана Талас облустарында бир мандаттуу округдардан бир да аял талапкер чыккан жок.
Жогорку Кеңешке кайсы партиялар өтүшү мүмкүн. Аны билгиңиз келсе астыдагы макалага кирип көрүңүз.
"Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо штабынын жетекчиси Кабыл Мамбетаипов парламенттик шайлоо мурункуларга салыштырмалуу таза, акыйкат өттү деп эсептерин билдирди.
"Мен дээрлик 30 жылдан бери шайлоодо иштеп, аралашып келе жатам. Бул шайлоодо административдик ресурс колдонулбаганы жана добуш сатып алуу аракеттери болгон жок. Ошондуктан, бул жолу шайлоодо аз адам добуш бергени менен, мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу таза өттү".
Мамбетаипов "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешеси жок экенин кошумчалады.
Чыңгыз Макешов: Бардык партиялар биригип, добуштарды кайра санап чыгалы.