«Азаттыкта» түз эфирде шайлоо тууралуу талкуу өтүп жатат. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, «Ата Мекен» партиясынан талапкер Клара Сооронкулова, «Азаттык» партиясынан талапкер Бактыбек Калмаматов, «Ынтымак» партиясынан талапкер Чыңгыз Макешов катышып жатат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БШКнын сайтынын иштебей калганын кайсы бир күчтөрдүн мамлекеттүүлүккө доо кетире турган саботаж катары баалады. БШКнын электрондук тутуму көз карандысыз иштейт деп айтты.
Клара Сооронкулова буга "көмүр жок саботаж, электр энергиясы жок саботаж. Эмне кылып отурасыңар анда? Кеткиле анда, иштей албай калдыңар" деп жооп кайтарды.
Эдил Байсалов: Баарыбыздын мамлекетибиз бир, демократия анын өзөгү. Биз деле шайлоону эл катары көрүп турдук. Бул мамлекеттүүлүгүбүзгө атайын чабуул болду. Бул чабуул атайын бизди бири-бирибизге кайраштырып, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү жок болуп калсын деген чагым. Шайлоонун жыйынтыгы эч качан электрондук добуш берүү менен чыгарылбайт.
Бактыбек Калмаматов: Боршайком Франция же Германияда эмес да. Мамлекетте турат. Эки күн мурда Жапаров Шайлдабекованы мактаганын укканбыз. 109 миң бюллетень жараксыз болуп калды. Аны атайын жараксыз кылып коюшпады деп ким кепилдик берет? Кагаз менен чечилгенден үч революция болгон мамлекетте. Бийлик бүгүн жападан жалгыз бир адамдын колунда. Президент башы менен мени, Текебаевди, Мадумаровду согуп атпады эмеспи телевизордон. Жаңы конуштарга барып, көмүргө чейин кийлигишип жүрдү. Бул административдик ресурс эмей эмне?