Чыңгыз Макешов: Былтыркы шайлоого караганда акча таратуу болгон жок. Салыштырмалуу таза өттү.
Клара Сооронкулова: "Ата Мекендин" добушу 6% босогодон өткөн. Жарым саат ичинде 3% түшүп калды. Эдил мырза, шайлоого киришпейбиз деп айтты. Анда эмнеге республикалык штаб түздү? Президент эмнеге "таза шайлоо өтөт" деп атат? Кол менен санаса, анда бул системанын эмне кереги бар? Бийлик кийлигишпесе, президент эмнеге кепилдик берди? Бербеш керек болчу.
Эдил Байсалов: Бул шайлоого өкмөт, бийлик кийлигишкен жок. БШК өткөрдү. Шайлоо жыйынтыгы кагаз бюллетендерди эсептөө учурунда маалым болот. Министрлер кабинетинин тиешеси жок. Бизде деле сайт өчүп, кайра башка маалымат чыкканына таң калдык.
Кадыр Атамбаев: Биз Социал-демократтар 5% түшө элек болчубуз. 6% жетип, парламентке кирет деген прогноздор айтыла баштаган. Бирок өзүңөр күбө болгондой 10 мүнөт ичинде сайт өчүп, кайра күйгөндө биздин, "Азаттык", "Ата Мекен" партияларынын 20 миң добушу кемип калды. Биз эми бардык партиялардын катышуусу менен добушту кол менен саноону талап кылабыз.