Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун саат 22.10го белгиленген маалымат жыйыны болбой калды. Бул тууралуу анын орун басары Эдил Байсалов Твиттердеги баракчасына жазды.
"БШКдан так түшүндүрмө күтүп жатабыз. Ушул орган гана жыйынтык чыгарат" деп жазды Байсалов.
"Альянс" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов бул жолку шайлоо салыштырмалуу жакшы өттү деп эсептейт.
"Бул жолу бардык талапкер партия жана ар бири өзү үчүн иштеди. Парламентке чыныгы лидерлер, элдин элегинен өткөн өкүлдөр келет деп ойлойбуз. Бул жолу салыштырмалуу бир топ жакшы. Бир эле күндө оңолуп кетебиз дегенден алыс болушубуз керек. Кийинки шайлоолордо дагы ушундай болсо жакшы болуп кетебиз. Мыйзам бузуулар болду, ИИМдин маалыматын дагы уктук, социалдык тармактарда чыгып жатты", - деди Сулайманов.
Дастан Бекешев: Чынында утам деп утам деп ойлогон эмесмин. Бул дагы башкача болбойт эле. Шайлоо фондубуз аз болчу, акчабыз аз экенине карабай командадагы балдар чын жүрөгү менен иштешти. Ар бир шайлоочунун үйүнө бардык. Садыр Жапаровго рахмат, административдик ресурс болгон жок. УКМК асылды, бирок бүгүн соттон уттум. Эң башкысы бул шайлоодо акча иштеген жок.
Эске сала кетсек, Дастан Бекешев Бишкектин Октябрь районунан бир мандаттуу округдан шайлоого аттанган. Ал башка талапкерлерге караганда эң көп добуш алган.
Өмүрбек Текебаев: Сыртынан баары жакшы дегени менен жең ичинен мыйзам бузуу болгону көрүнүп турат. Биз өзүбүз сурамжылоо жүргүзгөндө бийликчил партиялар "Ата Журт-Кыргызстан" болбосо калганы 4% жеткен эмес. Эл аларды билген да эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайты өчүп, кайра күйгөндө добушубуз азайып кетти.