Ички иштер министрлиги шайлоо өнөктүгү учурунда добуш сатып алуу фактысына байланыштуу жети ишти сотко жөнөттү. ИИМдин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макиловдун айтымында, шайлоо өнөктүгү башталгандан бери Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 67 кылмыш жана 76 жорук катталды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында арыз-даттанууларга ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу түзүлгөн. Ал шайлоо өнөктүгү жана шайлоо күнүндөгү мыйзам бузуулар боюнча иш алып барууда.
28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү мыйзам бузуулар тууралуу 17 кайрылуу түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, арыздардын экөө добуш сатып алууга байланыштуу. Үгүт иштеринин эрежелерин бузуу боюнча беш кайрылуу түшсө, шайлоочуларды ташуу жана шайлоо эрежелерин бузганы боюнча бирден арыз, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн үстүнөн үч кайрылуу катталган.
Дагы беш кайрылуу автоматтык эсептөөчү үкөктөрдүн ишиндеги кемчиликтерге байланыштуу.
Шайназаров добуш сатып алуу жана башка фактылар каралып жатканын белгилеп, жыйынтыгында тийиштүү баа берилерин кошумчалады.
Бельгияда №9037 шайлоо участкасы ачылды. Элчиликтин маалыматына ылайык, шайлоо тилкесинде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо үчүн бардык аракеттер көрүлгөн.