Шайлоо күнү мал базардагы маанай кандай экенин "Азаттык" жеринен барып билип келди. Айрымдары шайлоого бара турганын айтышса, кээ бири элдин депутаттарга болгон ишеними төмөндөп кеткенин билдиришти.
Токмок шаарындагы №7064 шайлоо тилкесиндеги бир үкөк жарактан чыккандыктан акт түзүлүп, жаңысына алмаштырылды. Кабарчыбыздын маалымдашынча, партиялардын тизмеси жазылган бюллетендер узун болгондуктан үкөк толуп, кагаз тыгылып калган. Бул шаардагы ири добушканалардын бири жана 2300 шайлоочу катталган, түшкө чейин 500дөй адам добуш берди. Токмокто жалпысынан 20 шайлоо тилкеси ачылган.
"Азаттык" шайоочуларга "Жаңы келген эл өкүлдөрүнөн эмне күтөсүз?" деген суроо салды.