Шайлоонун жаңы эрежелери шайлоочуларга түшүнүктүү болдубу? "Азаттык" аймактардын жашоочуларына суроо узатты. Бул шайлоодо талапкерлерге кантип добуш берүү керектигин бул видеодон көрүңүз.
Токмокто добуш берүү кандай өтүп жатат?
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча көчмө үкөктөр аркылуу 12 137 шайлоочу добуш берди. Жалпысынан көчмө добуш берүү үчүн 13 481 шайлоочу арыз менен кайрылганын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы 28-ноябрда кабарлады.
Маалыматка караганда, арыз тапшыргандардын 1,5 миңге жакыны ар кандай себептерден улам добуш берген жок. Алардын 642си аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү барган учурда үйлөрүндө болгон эмес.
Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча арыз берген 13 миңден ашуун шайлоочунун 11,5 миңден көбү же 90% жакыны добуш берди.
Кыргызстанда көчмө добуш берүү жараяны 27-ноябрда өткөн.
Саат 14:00гө карата бирдиктүү шайлоо округу боюнча 602 миң 432 же 16,27% шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди. Шайлоого Ош, Нарын жана Талас облусунун тургундары жигердүү катышууда. Чет жактардагы шайлоочулардын 2% жакыны добуш берди.
Саат 14:00гө карата маалымат. Шайлоочулардын 16,27% добуш берди.
Жараянга Ош облусунун Ноокат районунун тургундары активдүү катышууда. Бул аймакта жалпы шайлоочулардын 21,5% добуш берген. Ал эми Чүй облусунун Аламүдүн округунда шайлоочулардын 11,56% келип, башкаларга салыштырмалуу төмөн болууда. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, элдин канчасы добуш берсе да шайлоо өттү деп жарыяланат.