Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Шайлоо: добуштар кол менен саналууда

29-ноябрда түнкү саат 2деги БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 5% босогодон алты партия өттү.

Алар: “Ата-Журт Кыргызстан” – 16,41%, “Ишеним” – 13,17%, “Ынтымак” – 10,62%, “Альянс” – 8,06%, “Бүтүн Кыргызстан” – 6,58%, “Ыйман Нуру”партиясы – 5,93% добуш алды.

Келген шайлоочулардын 2,11% же 26927 жаран “баарына каршы” деген добуш берген.

Парламенттик шайлоого 1 миллион 275 239 жаран келди. Бул шайлоого укуктуу жарандардын 34,43% түзөт.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, талапкер болууга дегенде 381 жаран арыз берип, алардын 330у катталган. Кийинчерээк 47си өз арызы менен, экөө БШКнын чечими менен талапкерликтен чыгарылган.

Ошондой эле 21 партиянын тизмесинде 1004 талапкер депутаттык мандат үчүн күрөштү.

Кыргызстандагы жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет 90 депутатка мандат берилет. Партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Бул жолу шайлоочулар эки бюллетень менен добуш берди.

14:51 28.11.2021

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев аймактын тургундарын шайлоого активдүү катышууга чакырды. Бүгүн 28-ноябрда ал үй-бүлөсү менен Сузак районунун Барпы айылындагы №2395 Жалал-Абад округуна барып добуш берди.

Ал шайлоочуларга кайрылып, өлкө келечегине кайдыгер карабоого, өз тандоосун жасоого, шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Саат 12ге карата облуста шайлоочулардын сегиз пайызы добуш берди.

Жалал-Абад облусундагы шайлоочулардын жалпы саны 685 миң 620ны түзөт. Аларга аймактарда 452 шайлоо тилкеси уюштурулган.

27-ноябрда көчмө урналар аркылуу добуш берүү уюштурулуп, ага 2,5 миңдей шайлоочу катышкан.

14:30 28.11.2021

Шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу, БШКнын маалыматы

Саат 12:00догу маалымат

Саат 10:00догу маалымат

14:25 28.11.2021

Шайлоодогу айрым мыйзам бузуулар тууралуу социалдык медианын колдонуучулары видеолорду жарыялашууда.

14:22 28.11.2021

Шайлоо-2021: Добуш берүү (1-бөлүк)

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG