Ошто шайлоочуларды ташууга шек саналган автобус айдоочусун милиция кармап кетти. Буга чейин №4316 шайлоо участкасында шайлоочулар ташылып жатканын Фейсбук колдонуучулары жазган.
"Бизге шайлоо участкага кишилерди маршрутка менен ташып жатат деген маалымат түшкөн. Азыр бөлүмгө алып барып сурайбыз. Маалымат чын чыкса, чара көрөбүз", - деп билдиришти Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан.
Бүгүн, 28-ноябрда парламенттик шайлоо менен катар айрым аймактарда жергиликтүү кеңештер да шайланат.
Ушул күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешине, Аксы районунун Кербен шаары, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо өтүп жатат.
Бүгүн, 28-ноябрда Орусиянын баш калаасы Москвада Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо үчүн алты добушкана ачылды. Жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8:00дө (Бишкек убактысы менен 11:00дө) добушканалар ачылып, шайлоочуларды кабыл алууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.
Расмий эсеп боюнча Кыргызстандын 600 миңден ашуун атуулу Орусияда жашап, иштеп жүрөт. Бейрасмий эсепте мигранттардын саны бир миллиондон жогору.
Кыргызстанда бир нече медианын өкүлдөрү да шайлоонун жүрүшүнө көз салып, мониторинг жүргүзүп жатышат. Алар мыйзам бузууларга күбө болгон жарандарды кайдыгер болбой, маалымат менен бөлүшүүгө чакырышты.