Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун кыска мөөнөттүк байкоочулар миссиясынын атайын координатору, Даниянын депутаты Питер Юэл-Йенсен Кыргызстанда бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодогу жарандык активдүүлүктү баалады.
"Шайлоо участкалары өз ишин гимн менен баштаганын биринчи жолу көрүп жатам. Бул мага жагымдуу таасир калтырды. Биз шайлоого Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун атынан байкоо салып жатабыз. Бирок бизден тышкары бул жерде жергиликтүү байкоочулар да абдан көп экен. Баары эле жекшемби күнү таң эрте шайлоого байкоо салуу үчүн макул боло бербейт. Жарандардын саясий өнөктүккө активдүү катышып жатканы жакшы көрүнүш", - деди Питер Юэл-Йенсен.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Ал бул ирет шайлоо салыштырмалуу таза, адилет өтүп жатканын билдирди. Буга 2011-жылы өлкөдө реформаланган шайлоо системасы өбөлгө болгон деди ал.
"Шайлоо системасы реформаланып, "Акылдуу урналар коюлду". Албетте, муну чет элдик жана КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары жогору баалап жатат. Бирок, коррупция шайлоо тилкелеринен көчөгө чыкты. Добуш сатып алуулар дагы деле болууда. Мунун жыйынтыгын былтыркы парламенттик шайлоодо көрдүк. Сатып алуулар бир күндө эле дароо токтоп калбайт. Ошондуктан, шайлоо кынтыксыз, сатып алуулары жок болду деп айтуу кыйын. Шайлоо кампанияларында акчанын орду мурункудай эле чоң", - деди Текебаев.
Шайлоонун жүрүшүн түз эфирден көрүңүз
Бүгүн, 28-ноябрда парламенттик шайлоого карата Анкарадагы Кыргызстандын элчилигинде, Стамбулдагы жана Анталиядагы Башкы консулдуктарында үч шайлоо тилкеси ачылды. Бул тилкелерде Түркияда жашаган жана каттоодон өткөн кыргызстандыктар эртең мененки 8:00дөн тарта кечки сегизге чейин добуш бере алышат.
Үч участокто жалпысынан 3131 шайлоочу бар. Алардын 1081и Анкарада, 1279у Стамбулдагы башкы консулдукта, 771и Анталияда катталган.
Анталия шаарындагы шайлоо тилкеси биринчи жолу ачылып жатат. Өткөн айда президент Садыр Жапаров "Түркиянын Анталия шаарында Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Түркиядагы кыргызстандыктардын дээрлик көпчүлүгү дал ушул Анталия, Измир жана Алания аймактарында жашап, иштегендиктен бул жерлерде шайлоо тилкесин ачуу керектиги бир канча жылдан бери айтылып келген эле.