1148-шайлоо округунда байкоочулар бюллетендерди сүрөткө тартып жаткан учурду байкап калышкан.
БШКнын ыкчам аракет көрүү тобуна эртең мененки саат 11ге чейинки мыйзам бузуулар боюнча жалпы 106 арыз түшкөн. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров басма сөз жыйынында билдирди.
Шайназаровдун айтымында, былтыркы 4-октябрдагы шайлоодо бул маалга карата 400дөн ашуун мыйзам бузуу катталган эле.
"Бир жыл мурдагы эсепке салыштырмалуу быйыл мыйзам бузуулар 4,5 эсеге аз катталууда. Жалпы кайрылган 106 арызды мүнөздөп өтсөк, 54ү шайлоочулардын добушун сатып алуу, сегизи үгүт иштерининин шарттарын бузуу, 37си административдик ресурсту колдонуу, үчөө шайлоо фондунан тышкары каражаттары пайдалануу боюнча. Төртөө ар кандай өңүттөгү мыйзам бузууларга байланыштуу".
Тынчтык Шайназаров кайрылуулардын негизинде козголгон жети кылмыш иши соттук кароого жиберилгенин, 17 кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүрүп жатканын айтты. Андан тышкары БШК тарабынан 20 талапкерге кат жүзүндө эскертүү берилген. Ошондой эле 35 талапкерге жана алардын тарапташтарына айып пул салынган. Анын суммасы 292 миң сомго жетет.
Саат 10:00гө карата 3% жакын шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова түз эфирдеги брифингде билдирди.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, элдин канчасы добуш берсе да шайлоо өттү деп жарыяланат.
Шайлоого Оштун Өзгөн районунун тургундары жигердүү катышып жатат. Чүйдүн Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Көлдүн Ак-Суу райондорундагы көрсөткүч салыштырмалуу төмөн болууда.
Президент Садыр Жапаров Бишкекте добуш бергенден кийин элге кайрылып, шайлоого активдүү катышууга чакырды.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо да административдик ресурс колдонуларын айтты. Мындай пикирин Бишкектеги шайлоо тилкелеринин биринде добуш берип чыккандан кийин журналисттерге билдирди.
"Эгер бийлик кааласа, шайлоо таза өттү деп дүйнөгө канчалык жар салса да, добуш сатып алуулар болот. Бирок бул ирет элибиздин саясий деңгээли бир аз көтөрүлүп, руханий дүйнөсү байыгансыйт. Көптөгөн нерселерден баш тартып жатышат. Административдик ресурс болуп келди, болуп жатат. Мамлекеттик телеканалдар, маалымат каражаттары аркылуу бир нерсени акырын былгытып коюу - азыркы бийликтин адатына айланып калды", - деди.
Бирок Мадумаров конкреттүү бир фактыга токтолгон жок.