Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров №1142 шайлоо участогунда добуш берди.
Ал добуш берген соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, жарандарды добуш берүүгө чакырды. Жапаров алгач жолу аткаруу бийлиги добуш берүүнү таза уюштурууга аракет кылганын, кайсы бир күчкө жан тартпаганын билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы үгүт өнөктүгүнүн учурунда эреже бузган 12 мамлекеттик кызматкер жазаланганын, анын алтоо жумуштан кеткенин кабарлады. «Биз элдин тандоосуна баш ийебиз жана алар менен иштешибиз. Таза, жакшы мыйзам жазчу депутаттарды тандаңыздар», - деди Жапаров
Кыргызстандагы шайлоо (түз эфир)
Парламенттик шайлоо башталгандан көп өтпөй айрым добушканаларда, анын ичинде президент Садыр Жапаров добуш берген шайлоо тилкесинде да бюллетень салчу электрондук үкөктөр бир саамга иштебей калганы байкалды.
"Азаттыктын" кабарчылары Ысык-Көл, Баткен облустарында, Бишкек шаарында ушундай мүчүлүштүк аныкталганына күбө болушту.
Шайлоо участкаларындагы адистер муну суукка байланыштырып, айрым жерлерде жабдуунун алдына жылыткычтарды коюп оңдошту.
Суукка байланыштуу электрондук үкөктөр күйбөй, жылытылганда иштеп калган фактылар буга чейинки шайлоолордо да байкалган.
Кыргызстанда автоматтык эсептөөчү урналар 2015-жылдан бери колдонулат.