Ушул тапта чет өлкөлөрдө 16 добушкана ачылып, иштеп жатат. Алардын катарында Түштүк Сахалин, Жапония, Түштүк Корея бар. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов “Азаттыкка” билдирди.
Чет өлкөлөрдө жашаган 84128 шайлоочу жалпысынан 59 добушканада добуш берет. Алардын көпчүлүгү Орусия аймагында жайгашкан.
Каттоодо турган шайлоочулар үчүн акыркы добушканалар АКШда ачылат. БШКнын сайтында чет өлкөлөрдөгү 45 шайлоо участогунун тизмеси көрсөтүлгөн.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал добуш бергенден кийинки кыска кайрылуусунда элди активдүү добуш берүүгө чакырды.
“Ар бир берген добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн жана балдарыңыздардын келечеги аныкталат. Ошон үчүн дагы бир жолу сиздерден шайлоого активдүү катышып бериңиздер деп суранам”,- деди президент.
Ал добуш берүүгө жубайы Айгүл Жапарова менен чогуу келди.
Кантип добуш берүү керек?
Шайлоого чейин Борбордук шайлоо комиссиясы туура добуш берүүнүн эрежесин түшүндүргөн видеолорду мамлекеттик телеканалдардан жана социалдык тармактардан эки тилде жарыялап жатат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына таянып, быйылкы добуш берүүнүн эрежесин кыскача түшүндүрүп берели.
Сизге бул жолу эки бюллетень берилет. Анын биринде – партиялык тизме менен бараткан талапкерлерди, дагы биринде - сиз жашаган аймактагы бир мандаттуу округдан ат салышкан талапкерлерди тандашыңыз керек. Ал бюллетендерди эки башка үкөккө саласыз.
Партиялык системанын бюллетени
Партиялык системада - биринчи саясий партияны тандап, анын ичинен талапкердин номурун белгилешиңиз керек. Эгерде партияны гана тандап, талапкерге белги коюлбаса, ал бюллетень жарактуу деп табылат. Тескерисинче, талапкерди гана тандап, партияга белги коюлбай калса, ал добуш саналбайт. Ошондой эле, бир партиядан бир гана талапкерди тандап, анын номуруна белги коюшуңуз керек. Бюллетенде партиянын аты жазылып, талапкерлердин номуру гана берилет.
Бир мандаттуу системанын бюллетени
Ал эми экинчи бюллетенде сиз катталган аймактан жарышып жаткан талапкерлердин аты-жөнү жазылат. Маселен, Талас округунан беш талапкер ат салышып жатса, анын бирөөсүн гана тандайсыз. Эгерде бир нече талапкерге белги коюлуп же эч бир талапкер тандалбай калган учурда, ал бюллетень жараксыз болуп калат. Баса, бюллетендерде мурдагыдай эле "баарына каршы" деген тандоо бар.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешине ат салышып жаткан партиялардын тизмесинде талапкерлердин 36% аялдар, 63% эркектер түзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова Коопсуздук кеңешинин 26-ноябрдагы жыйынында билдирди.
Бир мандаттуу округдардан катышып жаткан талапкерлердин арасында аялдар 10% жетпейт.
Майыптыгы бар талапкерлер 4,5%, этникалык топтордон 18,4%, 35 жашка чейинкилер 25% түзөт.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялардын тизмесинде гендердик, аймактык, курагына социалдык тобуна байланыштуу баланс сакталууга тийиш.